Ала-Бука. Катуу жааган жамгырдан улам эки айылды байланыштырып турган ички чарбалык жолду сел жууп, жараксыз абалга келтирди
Ала-Бука районунда катуу жааган жаандан улам эки айылды байланыштырып турган ички чарбалык жолду сел жууп, жараксыз абалга келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-августта саат 19:00 -19:30 чамасында мөндүр аралаш катуу жаандан улам Көк-Таш айыл аймагы менен Ичке-Суу айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 7-9-чакырымында жолду сел жууп, жараксыз абалга келтирди. Натыйжада унаалардын жол каттамы үзгүлтүккө учураган. Ошондой эле Ичке-Суу айылында 6 турак жайдын короосуна, 1 турак жайдын жер төлөсүнө сел суулары кирген. Учурда Жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bekmaral

16.08.2016. 23:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичке суу эмес Орто-Суу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.