II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы уюштурулат

Кырчын жайлоосунда 4-сентябрдан 7-сентябрга чейин дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Көчмөндөр ааламы” фестивалынын алкагында фольклордук, музыкалык жана бий топторунун, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын өнөрлөрү тартууланат.
Маалыматка ылайык, Кытайдын маданият кербени өз өнөрлөрүн тартуулайт. Ошондой эле "Хан ордо" этношаарчасынын коноктору үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан келген артисттердин жана өлкөнүн бардык облусунан келген маданий делегациялардын театрлаштырылган чыгармалары коюлат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azizbek.kg8

15.08.2016. 15:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку деңгээлде өткөрүп алалы эми уят болбой
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.