super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев дин ишмерлери менен өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады (фото)

 

Бүгүн, 15-августта президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушевди, муфтияттын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматовду, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду жана "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун башчысы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, экстремизм жана радикалдашуу менен күрөшүү маселеси каралды. Мамлекет башчынын айтымында, акыркы мезгилде дин маселеси жөнүндө талкуулар өзгөчө мүнөзгө ээ болууда.

"Мындай талкууларды экстремисттер жана радикалдар курчутуп жатышат. Дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу биз радикалдашуу менен күрөшүп, мамлекеттик башкарууга диндин аралашпоосуна аракет жасашыбыз керек", - деди өлкө башчы.

Жолугушуунун катышуучулары "айрым күчтөр эркиндиктен пайдаланып диний тармактагы абалды курчутуш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп жатат" деген бир пикирде болушту.

Чубак ажы Жалиловдун ою боюнча, Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндигин ишке ашырууга эч качан учурдагыдай ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес. "Динчил адамдар элибиздин биримдигин колдошу керек", - деди Жалилов.

Абдышүкүр ажы Нарматов ислам дининин ишмерлери өлкөдөгү коопсуздукту бекемдөөгө жана жаштарды туура тарбиялоого даяр экенин баса белгиледи.

Муфтий Максат ажы Токтомушев президент менен жаралып жаткан көйгөйлөрдү ачык талкуулоого мүмкүнчүлүк бар болгонун жогору баалады.

Мамлекет башчы Атамбаев сөз аягында ислам - жакшылыктын жана билимдин дини, ылдам өнүгүп жаткан жана коомго багытталган дин экенин айтты. "Адилеттүү коомду курууга умтулуу, калктын жардамга муктаж болгон катмарларына кам көрүү - бул биздин мамлекетибиздин милдети. Бул маселе боюнча мамлекеттин жана диндин максаттары негизинен шайкеш келет. Өлкөдөгү диний эркиндик үчүн жетишкендикти баалаш керек. Улуттук маданияттын жана исламдын баалуулуктарын коргоодо, руханий тарбиялоодогу кемчиликтерди жоюу зарыл", - деген оюн айтты президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: