super.kg logo

Жеке интернет-провайдерлер: "Мамлекет менен алака түзүүнү каалабайбыз"

 

Өлкөдөгү 603 орто мектепти интернетке туташтыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги 163 600 000 сомго барабар тендер жарыялаган. Тендерге “Кыргызтелеком” ишканасынан башка бир дагы интернет таратуучу компания катышпагандыктан, кайрадан 12-августта жарыялангандыгы маалымдалган.

Кымбаттуу интернет-провайдерлер, биздин мектептерге интернет керек! Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджеттен каражат алып, балдарга шарт түзүүгө умтулуп жатат”, - деп Эльвира Сариева өзүнүн баракчасына бүгүн, 15-августта жазып чыкты.

Министр өзүнүн баракчасына жарыялаган маалыматта талаптын анчалык жогору эместиги жана бул иш бизнес тарабынан гана пайдалуу болбостон, элибиздин келечеги болгон мектеп окуучулары үчүн экенин эске салды. Ошондой эле Эльвира Сариева жеке интернет-провайдерлер мамлекет менен алака түзүүнү каалабай жатышканы тууралуу билдиришкенин кошумчалаган.

"Интернетке мектептерди жез, була-оптикалык кабель аркылуу же зымсыз деле кошсо болот. Шарттар кадимкидей эле, мектептерге жөн эле интернет берип койсоңуздар. Бир гана "Кыргызтелеком" 600 мектепти интернетке кошууга макул болду. Бирок алар талап кылган каражат бюджеттен бөлүнгөн акчадан жогору. Башка провайдерлер бул маселе тууралуу парламенттик комитеттердин отурумдарына катышып, окуучулар алар үчүн чоң даремет экенин түшүнүшкөн.

"Кыргызтелеком" бул каражатка өзү байланыш желесин куруп, андан соң аны акча капиталына айландырууну каалап жатат деп ойлой берсе болот, ошондуктан берилген сандар эки эсеге жогорулады. Же жеке провайдерлер кандайдыр бир себептерден улам бул тендерге кийлигишпей коюуну чечишкендир. Анан да бизге "мамлекет менен алака түзүүнү каалабайбыз" дешти... Министрлик инфраструктура маселелерин карабайт, бирок интернетке жол ачылса, чоң билимдерге жол кеңеймекчи. Сураныч, өзүңөрдүн тар багыттагы пландарыңарды коё тургулачы, ойлонгула, мектеп окуучуларынын алтыдан бир бөлүгү - эртеңки күндө негизги кыймылдаткыч күч!" - деп жазды министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.08.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн кымбат интернет Кыргызстанда эле болсо керек.Окмот мурунтан ойлонуш керек болчу.Чиновниктер интернетке кызыкпагандыктан ушундай болуп жатса керек.Онуккон мамлекеттерде интернетсиз жашоо жок.
16.08.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mongol1155, бизде салыштырмалуу арзан интернет узбекстанда таджикстанда кымбат
15.08.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Он жыл мурун интернет эмне экенин ойлобогонда,
15.08.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернеттин заманы да бутуп бара жатат окшойт,эми интернет 4,5 эсе даже 7,8 эсе кымбаттайт деп жатышат.Интернетти колдонбой эле коёбуз го эми.
16.08.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекет озу долбоор тузуп интернет менен камсыздабайбы?!! Жалдырабай!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: