Ош жана Ысык-Көлдө баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн эки жаран кармалды

Ош жана Ысык-Көлдө баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Ош облусунун 61 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан жалпы салмагы 295 граммды түзгөн баңгизат табылган. Мындан сырткары рейддин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунан Honda Accord үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө унаадан 150 грамм баңгизат табылган. Табылган заттар атайын экспертизага жиберилген. Учурда бул эки факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.