super.kg logo

Ошто жасалма акча колдонгон жаран 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

 

Ошто жасалма акча колдонгон жаран 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Ош шаардык соту 1-июлда чыгарган. Анда кылмышка шектүү Н.Рахманбеков “жасалма акчаларды сактоо жана аларды өткөрүү” беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Жаза белгилөөдө анын мурда соттолгону жана андан жыйынтык чыгарбай кайра кылмышка барганы жоопкерчиликти оордотуучу жагдай катары эсептелип, мурдагы өкүм менен өтөлбөй калган жазалары жарым-жартылай кошулуп, 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми 10-август күнү аталган иш Ош облустук жазык жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясында каралып, Ош шаардык сотунун
Н.Рахманбеков тууралуу өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.

Айта кетсек, Н.Рахманбеков үстүбүздөгү жылдын январь айында Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын биринен жасалма 200 долларды алмаштырып качып кеткен. Анын кесепетинен акча алмаштыруучу жайдын ээси 15 миң сом зыян тарткан. Н.Рахманбеков 2015-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан “алдамчылык” боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга соттолгон болчу. Ал эми жазасын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №48-мекемесинде өтөп жаткан. Өтөлбөгөн 10 ай 28 күн калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
16.08.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
1000 деген элдин ырыскысын миллиондоп жеген чондор эмнеге андай 8 жыл 6 айга соттолбойт же чондор 1 жыл 2 ай элеби?
16.08.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы болуптур камалып
16.08.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин мыйзам тешилип калган элеке окшоп иштейт экен да,
16.08.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акча алмаштыруучу жайда акчанын жасалма экенин кантип текшералбайт. Кызык.
16.08.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жасалма акча колго тийгенде эле билинетко
16.08.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Миллиондорду жегендер 8 жыл эмес 8 саатка да камалбай эле кенири журушот го эл башкарып... Бул мыйзамдар "жогоркуларга" тиешелуу эмеспи, коррупция менен курошобуз деп ооз коптургон бийлик эмнени кыйратты? Коррупция кайра кучоп жатат азайбай эле. Анан миллиондорду жегендер кенири журот да кылы кыйшайбай, 200$алмаштырган, козу-тоок уурдагандар 5-10 жылга камалып кете берет, ушул эми адилеттуулукпу? Мактаган демократиянар ушулбу? Акчалуулардын гана заманы болуп калды тээ илгеркидей..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: