super.kg logo
  Саясат  

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүү жана жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечиси - Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө балдарды зордуктоо маселеси курч турууда. Эмгек, ички миграция, ажырашуулардын, ташталып кеткен балдардын санынын өсүшү балдарга жана өспүрүмдөргө каршы кылмыштардын жаралышына өбөлгө болууда.

"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үй-бүлөдө балдарга сексуалдык күч колдонууга байланыштуу кайрылуулар өсүп жатат (2014-жылы 13 бала, 2010-жылы 3 бала) 2015-жылдын 10 айында Саламаттыкты сактоо министрлигине сексуалдык мүнөздөгү катаал мамиле жасоонун кесепетинен улам 41 бала кайрылган, алардын ичинен 5 жосундун аныктыгы тастыкталган", - дейт Төрөбаев.

Педофилге байланыштуу мына ушундай оор кылмыштын өсүү тенденциясы байкалганын, ал эми педофилдердин адеп-ахлактыкка каршы жосундары балдардын, алардын үй-бүлөсүнүн тагдырына балта чаап жатканын эске алып, ушул мыйзам долбоору менен жазанын эң жогорку түрү катары – өлүм жазасын белгилөө сунуш кылынарын билдирет депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: