super.kg logo
  Саясат  

Энергетикалык компаниялардагы жоготууларды кыскартуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди

 

Учурдагы энергетикалык компаниялар чыгашалуу саналып, негизги жабдуулары эскирип бүткөн. Буга байланыштуу тарифтерди энергетикалык компаниялардын өзүн өзү актай алышына жана каржылык туруктуулук деңгээлине чейин этап-этабы менен жеткирүү керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 16-августта Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди. Анын билдиришинче, энергияны өндүрүү, жеткирүү жана бөлүштүрүүнүн өзүн өзү актай алуусун камсыздоо зарыл. Энергетикалык компаниялардын каржылык туруктуулугуна жетишүү - Улуттук энергетикалык холдингдин негизги милдеттеринин бири.

Премьер-министр белгилегендей, энергетикалык компаниялардын каржылык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу максатында энергетикалык компаниялардын чыгымдарын оптималдаштыруу, жоготууларды азайтуу, авариялык кырдаалдардын санын төмөндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүгө тийиш.

Буга байланыштуу өкмөт башчы бир катар тапшырмаларды берди. Анын катарында өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине келерки мезгилге орто мөөнөттүү тариф саясатынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетине жана Улуттук энергетикалык холдингге бөлүштүрүүчү компаниялардын каржылык-чарбалык ишинин негизги көрсөткүчтөрүн текшере турган жумушчу тобун түзүшү керек.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, чыгашалардын негиздүүлүгү, жоготуулардын деңгээли, керектүү жабдыктарды сатып алуу – булардын баары ачык-айкын болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келиши керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: