super.kg logo

"Кумтөр Голд Компанинин" II чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

 

"Centerra Gold Inc." ("Центерра") жана "Кумтөр Голд Компани" (КГК) 2016-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Биринчи жарым жылдыкта “Кумтөрдө” 184 168 унция же 5 728,27 килограмм алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 3,01 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2016-жылдын II чейрегинде “Кумтөрдө” №17-иш тилкесинен келип түшкөн жана өткөн жылы топтолуп коюлган запастардан кенди кайра иштетүү улантылган. 2016-жылдын II чейрегинде 97 724 унция алтын өндүрүлдү, ал эми 2015-жылдын ушул мезгилинде 122 111 унция алтын өндүрүлгөн. Өндүрүш көлөмүнүн азыркы төмөндөшү кайра иштетүү үчүн топтолуп коюлган запастардан жана №17-иш тилкесинен курамында металлы төмөнүрөөк болгон кенди кайра иштетүүгө байланышкан. Өткөн жылы болсо, тескерисинче, компания 16-борттун төмөнкү баскычтарынан топтолуп коюлган байыраак кенди кайра иштеткен. Өткөн чейректе "Кумтөрдө" 1 миллион 6 миң тонна же 2015-жылдын II чейрегине салыштырмалуу 4 пайызга көп кен кайра иштетилген. Фабрикалык кайра иштетүүгө келип түшкөн кендеги алтындын курамы орточо 2,63 г/т, а бөлүп алуу пайызы 71,9 пайызды түздү, ошол эле учурда 2015-жылдын II чейрегинде бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 3,26 г/т жана 77,5 пайызды түзгөн. Алтын ылгоочу фабриканын кубаттуулугун жогорулатуудан улам 2016-жылдын II чейрегинде суткасына орточо 17 700 тонна кен кайра иштетилген, ошол эле учурда 2015-жылдын бул чейрегинде 17 100 тоннадан кен кайра иштетилген.

2016-жылдын II чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 127 909 унция же 3,98 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 161,62 миллион долларды түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому жана КР Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргыз алтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРнын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргыз алтын” ээ.

КРнын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2016-жылдын II чейрегиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1 448 583 413,24 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2016-жылдын 6 айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

2016-жылга прогноз

Эсептөөлөргө ылайык, 2016-жылы "Кумтөрдө" алтын өндүрүү 500 миң-530 миң унцияны түзүүгө тийиш, а мурда 480 миң-530 миң унциядай өндүрүү пландаштырылган, ал жөнүндө компаниянын 2016-жылынын 5-майындагы маалыматтык билдирүүсүндө айтылган. Алтын өндүрүүнүн азыркы темптери 2016-жылы кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында белгиленген көрсөткүчтөргө дал келет. Бул план “Кумтөр” кен ишканасынын 2015-жылынын 20-мартындагы NI 43-101 техникалык отчётунда камтылган, ал SEDAR системинде жеткиликтүү. Кен иштетүүнүн планына ылайык, 2016-жылы алтын өндүрүүнүн жылдык көлөмүнүн жарымынан көбү 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында камсыз кылынмакчы.

Толук маалымат www.kumtor.kg сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
17.08.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринчиден сатылган алтындар дуйнолук базар баасынан бир топ ылдый сатылыптыр, б.а. ортодо 10000000$ (10млн)дай акча жок.
Экинчиден 1-жарым жылдыкта 184268 унция алтын ондурулсо 1-жарым жылдыктын 2-чейрегинде (!) 127909 унция алтын сатылып жатат. Ортодогу 56259 унция алтындын (~75,56млн$) тагдыры кызыктырып жатат... Учунчусу: Сатуудан тушкон акчадан жалпы толомдорду кемиткенде калган 117млн$ (~116999000$) акча кандайча болуштурулот? Кыргыз Окмотуно канча акча калат?...
17.08.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74, сурооңуз боюнча төмөндөгү шилтеме аркылуу биле аласыз http://www.super.kg/kabar/news/148583/
17.08.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи чейректе 73,2млн$лык алтын сатылыптыр, б.а. чогуу 234,82млн$ болот, андан биринчи жарым жылдагы бардык салык жана милдеттуу толомдорду (44,621млн$) кемитсек, 190,2 млн$ калат экен, бул акчанын канчасы Канадага кетет, б.а. Центерранын учредителдерине, бизге канча калат??? Экинчиден Кумтордун экологиялык толому жылына 0.62млн $ тузот экен, чыныгы келтирилген зыяндар мындан ото эле коп да. Айрыкча, Петров колу жанындагы 150-200млн тонна уулуу калдыктын эртенки тагдыры кандай болот?...
Frunze74 түзөттү 2016-08-17 17:13:07
19.08.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Frunze74
эң туура суроолорду койдуңуз. Центерранын эң негизги ээси Кыргызстан. Кыргызстан Центеррадагы бийлиги Кыргызалтын аркылуу жүргүзөт. Кыргызалтындын макулдугу болмоюн Кумтөрдө бир грамм да таш ордунан жылбайт.
Суроолорду туура тарапка бериш керек.
Болбосо сиздин оюңузда биз, кыргыздар ооз ачкан маңуроо болуп, бизди сырттан келип, жайлап аткандай көргөзөсүз да. :) же оюңузда Кыргызстанга ким кааласа келип, оюна келгенин кыла береби?
19.08.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Luchik81, Канадалыктардын самелетунан (jet) мындан бир канча жыл мурун алтын табылган, андай алтындын канчасы отчеттордо корсотулбой чыгып кеткени белгисиз. Бакиевдин жеке лабораториясынан табылган алтын сенин оюнда Кыргызалтындын макулдугу менен берилип, отчеттордо коргозулгонбу? Аны тоногон "убактылуулар" ал алтынды казынага кайтардыбы? Центерранын башкаруу кенешиндеги Кыргызстандын кызыкчылынын коргоого тийиш мучолор, Кыргызалтын эле эмес, бийлик да пешка го Центерранын алдында пеш
Frunze74 түзөттү 2016-08-19 13:55:03
19.08.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин бийлик макулдугун юерген пландар мындай:
http://www.kumtor.kg/kg/mine-closure/
уу калдык сактагыча алтын бар, аны кен жабылгандан кийин кыргыз тарап өзү ылгап алат, мээси, дарамети жетсе.
19.08.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Luchik81, 150-200млн тонна уу калдыкты Канадага ташымак беленер?! Канадалыктарга баары бир да алардан кийин Кыргызстан кандай болот, алтынды алып байыса болду. Бийликке да баары бир, кийин Кыргызстан кандай болот. Бири Москвада, Минск же Лондондо, дагы бири Туркияда ж.б.журо беришет да "магачын журоктон баары бир" дешип...
19.08.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74
мага баары бир эмес :) ошончүн бул теманы жакшы билем. ким, эмне, кайдан. Уу калдыкты кыргыздар кытайларга сатат, алар алтынын ылгап алат. азыр алтындын концентратын сыртка ташып аткан кытайлар (маалымат үчүн)
элге текеберчилиги үчүн бийлик жооп тартышы абзел. ал жактан сөз жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: