super.kg logo

Ысык-Ата. Жашоочулар Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн жеке номер алуу үчүн бир жумалап кезекке турушат (фото)

 

Ысык-Ата районунда жашоочулар Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн жеке номер алуу үчүн бир жумалап кезекке турушат. Жашоочулардын кезекке туруп, түшкү тамактанууга чейин кезеги жетпей калгандарына күбө болдук. Ал тургай бир жумалап кезекте тургандар бар экени маалым болду.

"1-августтан бери кезек күтүп кыйналдык. Күн сайын келип жумушубуз бүтпөй кайра кетебиз. Менин кезекте турганыма бир жума болду. Бир күндө 4 кишини кабыл алат. Элди кыйнабай жеке номерлерди алуу үчүн бул ишти кайрадан Социалдык фондго өткөрүп берсе жакшы болмок", - дейт Сапарбек Келдиев.

Жарандык актыларды каттоо кызматынын алдында 64 адам кезекте турганына күбө болдук. Алардын айрымдары аты-жөнүн кагазга жазып коюп башка жумуштарын бүтүрүүгө кетишкен. Ал эми жеке номер зарыл болгондору ордунан жылбай күтүшүүдө.

Кезекте турган Гүлмайрам Чортонова: "Мен да жеке номер алуу үчүн келгем. Канчанчы кезекте экенимди сурасам, 63-болуп жазыл дешти. Менин ага убактым жок, анткени жумуштан суранып чыктым", - дейт.

Кезек күткөндөргө кызмат көрсөтүп жаткан Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Маразыковага кайрылдык. Ал өз сөзүндө: "Туура, кезекке тургандар көп. Учурда жалгыз иштеп жатам. Жалгыз адамга ушунча адамды кабыл алуу оор. Айрым учурларда саат 20:00гө чейин иштеген учурлар болууда. Социалдык фонддун функциясын бизге өткөрүп беришти, бирок атайын адис берилген эмес", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.08.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иштен айдаш керекта эзилип иштегендерин башка жаш сотрудниктер толтура
17.08.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят, Сарпашев каякты карап жатат!?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: