super.kg logo

Индияда батпирек учуруудан 3 адам каза тапты

 

Индиянын Дели шаарында абага учуруучу батпиректин жиби 3 адамдын кекиртегин кесип кетип, натыйжада алар каза табышты. Каза тапкандардын экөө жаш балдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя 15-августта эл Индиянын эгемендүүлүктү алган күнүн майрамдап жаткан учурда болгон. Индияда кеңири жайылган көңүл ачуулардын катарында абага батпирек учуруу да бар. Шаардык полициянын билдиргенине караганда, үч окуя шаардын ар башка жерлеринде катталган. Эки жаш бала автоунаанын үстүндөгү люктан чыгып алып, асманга учурулган батпиректерди карап жатышканда жиби келип кекиртектерин кесип кеткен. Ал эми 22 жаштагы мотоциклист катуу ылдамдыкта келе жатып дал ушундай кырсыкка туш болгон. Батпиректердин дагы бирине нөөмөттөн кайтып келе жаткан полиция кызматкери да кабылып, жаракат алган.

Белгилей кетчү нерсе, батпиректерди учуруучу жиптердин сырты бекем болуш үчүн ийилчээк металл менен капталат. Дели шаарынын жетекчилиги 16-августтан тарта жиби металл жана синтетикалык компонент менен капталып жасалган батпиректерди сатыкка чыгарууга тыюу салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.08.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кылыптыр, негизи алдын ала эле чаралар корулсо болмок мындай риск, кокустуктар эске алынып...
17.08.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй тообо Кырсык кайдан келеерин билбейсин а
17.08.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар жок... Элестетиш кекиртек кесилтат.... Ыххх
17.08.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кылыптыр сразы тыюу салыптыр. Эгер бизде болгондо. 1 сот карап ал экинчиге жонотуп ал болсо учунчусуго жонотуп 1 жыл отуп кетет эле
18.08.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadamjai90, жайлапсынгоооо бул созда таасир кылбааай биздикилерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: