Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусуна караштуу Кегети айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Конокбаев көчөсүндө жайгашкан турак жайдан өрт чыкты, анда жыгач устундуу, шифер жабылган 84 чарчы метр бастырманын чатыры, 1700 түк чөп, 300 түк саман күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.