super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-АВГУСТ: Кыргыз мамлекетинин 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 61 жашка толду

 

Бүгүн өлкөбүздүн 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 61 жашка толду. Ал 1955-жылы 18-августта Фрунзеде туулган. 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетин физика адистиги боюнча бүтүргөн (артыкчылык диплому менен аяктаган). Ал эми 1981-жылы Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Физика институтунун аспирантурасын аяктаган.

1981-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, плазма спектроскопия лабораториясынын башчысы;
1985-1996-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университети, ага окутуучу, доцент, физика факультетинин профессору (негизги иши менен сыйыштырып иштеген);
1993-1996-жылдары – Эйндховен технологиялык университети (Голландия), чакыруу менен барган профессор;
1996-2005-жылдары – Кыргыз-Орус Славян университети, табигый-техникалык факультетинин профессору, лаборатория башчысы;
1996-1999-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, башкы аткаруучу директор;
1999-2002-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, вице-президент;
1997-жылы – КР УИА "Жалын" Илимий-инженердик борбору, лаборатория башчысы;
1997-жылы – Нидерланды Падышалыгындагы КРнын ардактуу консулу;
2000-жылдан 2006-жылдын апрель айына чейин – "Менин өлкөм" партиясынын координатор-лидери. 2000-жылы КР ЖК шайлоосунда партиянын тизмесинде алгачкы болуп турган. Шайлоодон кийин депутаттык мандаттан баш тарткан.
2001-жылдын 22-августунан 2004-жылдын 7-февралына чейин – КР Президентинин чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өкүлү, атайын өкүлү;
2001-2005-жылдары – КРнын Ооганстанга экономикалык жактан жардам берүү өкүлчүлүгүндө атайын өкүл;
2002-жылдын 30-майынан 2005-жылга чейин – экономикалык маселелер боюнча КРнын Вице-премьер-министри;
2005-2006-жылдары – "Инвестициялык тегерек стол" коомдук уюмунун башкы директору;
2006-жылдын декабрынан баштап 2011-жылга чейин – инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Европа өнүктүрүү банкында башкы кеңешчи;
2010-жылы - "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан;
2011-2012-жылдары - экономика жана инвестиция боюнча КРнын Вице-премьер-министри;
2012-жылдын 24-августунан 6-сентябрга чейин – экономика жана инвестиция боюнча КРнын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу;
2012-жылдын 6-сентябры - биринчи вице-премьер-министр, ал эми 2014-жылдын 4-апрелинде КРнын Премьер-министри болуп дайындалган;
2015-жыл, 23-апрель - Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирип чыккан. 24-апрелде Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кызматтан бошоткон.

18-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.08.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канчалаган жыл бийликте журду, Акаев убагында эле бийликтин жогорку тепкичтеринде журду, Бакиев убагында коздон далдоо жургону менен "убактылуулардын" доорунда кайра "ити чоп жеп" Окмот башчылыгына чейин жетти. Бирок ушунча жыл жетектоочу кызматтарда журуп бир да эсте калаарлык эмгеги элдин эсинде жок. Менин эсимде калганы 2000-жж.башында (2002-03) кайран Дооронбек Садырбаев агабыз ыйлагыдай болуп Кумтор боюнча элдин таламын талашканда, Оторбаев Окмоттун атынан Кумторго жан т
18.08.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев агаларыбыз ж.б.каршы болгонуна карабай Оторбаев (вице премьер-министр) Окмоттун атынан Кумтордун адвокаты болуп, ошол убактагы Жогорку Кенешке Кумтордогу Кыргызстандын улушун 33%ке кыскартуу боюнча келишимди ратификация кылдырууга жетишкен. Оторбаевдин ошол "эмгеги" эсимде, бир соз менен эл учун куйуп-бышып, коронголуу бир эмгеги менен элдин эсинде калбады окшойт...
18.08.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеп жуттаплар...Мекен учун эмес озу учун иштегендер азыркы бийлик.
19.08.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
21инчи премьер министри... А олко эгемен болгонуна 25жыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: