Рио-де-Жанейродо каза болгон Германия курамасынын машыктыруучусу 4 адамга донор болду
Германиялык кайык слалому боюнча олимпиадалык курамасынын каза болгон машыктыруучусу Штефан Хенце 4 адам үчүн донор болду. Бул тууралуу Германиянын "Die Welt" басылмасы кабарлады.
Маалым болгондой, 15-августта Рио-де-Жанейродо 35 жаштагы Штефан Хенце отурган такси жол кырсыгына кабылып, башынан оор жаракаттарды алган. Ооруканадан машыктыруучунун өмүрүн сактап калуу максатында бир нече операция жасалган, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал каза болгон.
"Рио-де-Жанейро штатынын Саламаттыкты сактоо мекемеси билдиргендей, Штефан Хенце жүрөк, боор жана эки бөйрөктүн донору болгон. Анын бул төрт органы башка адамдарга ийгиликтүү салынды", - деп жазып чыккан басылма.
Хенце Афиныда 2004-жылы өткөн Олимпиадада күмүш медалга ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
2

Бекер эле ошол органын гордо чирип
Курт кумурскага жем болот
Андан коро ден соолугу жок адамдарга
Донор болсон жакшы го
Сенин колунан келеби ошол иш?!!!
Бул Батыштын сандырак "марттыгы" менталитетибизге да, динге да туура келбейт, акылга да сыйбайт. Ошондуктан мындагылардын башын айлантып элди бузгуча ошол Батышына