super.kg logo

Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлеринин кайрылуулары боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими чыкты

 

30-июнда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучулары митингге чыгышып, окуу жайда өткөн тандоо сынагынан өтпөй калышкандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигине нааразы болушкан. Алардан келип түшкөн кайрылууларда көрсөтүлгөн фактыларды жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун билим берүү жаатындагы ченемдик-укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Жогорку Кеңеш тарабынан 2 комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын корутунду-пикири менен тааныштырууга окуу жайдын кызматкерлери бүгүн, 18-августта жыйын өткөрүштү.

"Депутаттык комиссия ректордун сентябрь айынан бери кылган ишин мыйзамсыз деп таап, анын кызматтык ордун кайрадан карап чыгуу буйругу берилди. КУУнун учурдагы Окумуштуулар кеңеши мыйзамсыз деп табылып, аларды таркатуу чечими чыкты. Ошондой эле "буга чейин жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгы жокко чыгарылсын жана жаңы Окумуштуулар кеңешин түзүү сынагы уюштурулсун" деген буйруктар чыгарылды", - деп билдирди SUPER.KG порталына Улуттук университеттин кызматкери Мирбек Шарабидинов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: