super.kg logo

Бишкекте окуучунун өлүмүнөн улам мектеп директору сөгүш алып, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан айдалды

 

Бишкекте окуучунун өлүмүнөн улам мектеп директору сөгүш алып, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институтуна Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну кайрылып, 9-класста окуган баласынын өлүмүнө мектеп жетекчилиги күнөөлүү экенин айтып, окуяны адилет териштирип берүүнү өтүнгөн. Бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, мектеп жетекчилиги жана каза тапкан баланын туугандарынын катышуусунда чогулуш өткөн. Анын жыйынтыгында мектеп директоруна сөгүш берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулган.

Айта кетсек, окуя үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда 9-класстын окуучусу өз үйүндө асынып алган. Ал эми баланын апасы уулунун өлүмүнө мектеп жетекчилигинин кемсинтүүсү себеп болгонун айтууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: