super.kg logo

Өлкөдө алгачкы жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын шахматтык турнири өттү

 

Өлкөдө алгачкы жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын шахматтык турнири өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта билдирди.

"Биздин курама Олимпиадада кандай үлгү көрсөтүп жатат. Мейли баарында медаль бар эмес, бирок алардын баары жеңишке умтулушканын көрсөтүштү. Ден соолугуңардын чектелүүсү спорт менен машыгууга тоскоол болбошу керек. Андыктан министрлик Паралимпиада комитети менен "Жүрөктөн жүрөккө" акцияларын өткөрүп келет. Биздин коомчулукту гумандаштыруу саясатыбыз кичинеден жемишин бере баштады. Ден соолугу чектелгендердин аң-сезими өзгөрүп, бизге өздөрү демилгелер менен келип жатышат", - деди министр Кудайберген Базарбаев.

Бул мелдешке республика боюнча 120 адам катышты. Ошондой эле ачылышында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев да катышты.

"Биз сергек жашоону үгүттөшүбүз керек. Өсүп келе жаткан муунду спорт менен машыгууга чакырышыбыз керек", - деди төрага.

Турнирдин байгелеринин бири Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин "Жеңишке умтулуу" кубогу болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: