super.kg logo
  Саясат  

Конституцияны өзгөртүүгө каршылык билдирип, отставкага кетүүнү чечкен Кылычбек Султановду президент кызматтан бошотту

 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановду кызматтан бошотту. Маалыматты бүгүн, 18-августта президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Кылычбек Султанов отставкага кетүү тууралуу 17-августта арыз жазган. Элчинин айтымында, ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине макул эмес. Элчинин президенттин атына жазган арызында: “Сиз колдоп жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү демилгеси менин жарандык позицияма каршы келет. Ошондуктан учурдагы Конституцияны коргоо боюнча үгүт иштерине активдүү катышууну менин жарандык милдетим деп сезем жана мындан ары кыргыз бийлигинин расмий өкүлү болууга моралдык укугум жок деп эсептейм”, - деп айтылган.

Эскерте кетсек, Кылычбек Султанов 2012-жылдын 6-сентябрынан 2013-жылга чейин социалдык өнүгүү министри болгон. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: