Түркия. Элязыг шаарындагы жардыруудан жаракат алгандардын саны 170 адамга жетти
Түркиянын чыгышындагы Элязыг шаарында кечээ орун алган жардыруудан 6 адам каза таап, жаракат алгандардын саны 170 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Жардыруу кечээ эртең менен полиция имаратынын жанында орун алган. Анда жардыруучу зат катылган эки унаа жарылган. Жабыркагандардын ичинен 14 адамдын абалы өтө оор экени айтылып жатат. Полиция жардырууну Күрд жумушчулар партиясынын жактоочулары уюштурганын билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.