super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков ишкерлерди логистикалык борборлорду курууга активдүү катышууга чакырды

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 18-августта Ош облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Араван районундагы логистикалык борборго жана жер-жемиш базасына барды.

Аталган борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы логистикалык борбор 100 миң тоннага жакын жемишти сактаган. Жакынкы арада анын сыйымдуулугун кеңейтүү жана андагы продукция сактоонун ыкмаларын жакшыртуу пландаштырылууда. Учурда борбордун аянты 600 чарчы метрди түзөт.

Сакталган продукция ички жана тышкы рынокторго чыгарылат. Учурда Ош облусунда ушул сыяктуу логистикалык борборду куруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкөгө мындай логистикалык борборлор зарыл, анткени алар жергиликтүү дыйкандарга өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка өнөктөш мамлекеттердин рыногуна чыгарууну жөндөөгө мүмкүндүк берет.

"Бизнес-коомчулук өкүлдөрү республиканын бардык аймактарында бул сыяктуу борборлордун курулушуна көбүрөөк көңүл бурса жакшы болор эле. Аталган борборлор айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн чыгашаларын оптимпалдаштырууга, ал эми керектөөчүгө кышы-жайы сапаттуу продукцияга ээ болуусуна шарт түзөт", - деп белгиледи ал.

Сапар алкагында премьер-министр Араван районундагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: