super.kg logo

Чолпон-Атадагы ипподромдун негизги курулуш иштери аяктап, көрктөндүрүү боюнча жумуштар жасалууда

 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдалып жаткан ат майдандын негизги курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимова билдирди.

"Бүгүнкү күндө ипподромдун курулушундагы бетондоо сыяктуу оор жумуштар толугу менен жыйынтыкталды. Учурда ипподромдун айланасына таш төшөлгө төшөө, дубалдарды актоо, темирлерди сырдоо иштери жүрүүдө. Бул жумуштардын баары 25-августта жыйынтыкталып, ачылуу аземи өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдалып жаткан ат майдандын курулуш иштерине мамлекеттин эсебинен 1 миллиард 234 миллион сом бөлүнгөн.

Белгилүү болгондой, анын аймагы жалпысынан 25 гектарды ээлейт. Ат оюндарын көрүү үчүн 10 миң адамга орундуктар даярдалган. Ал эми оюндарды туруп көргөн адамдар менен кошо ат майдан 12-13 миңге жакын адамды батыра алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы.Бирок тезирээк бутуруп жибергиле Стивен Сигал келип тан калсын))
19.08.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан көрө футбольный стадион курса болмок, Эртең казактар келсе күлөтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: