super.kg logo

Кочкор районунун тургуну 350 килограмм буудай, 1 тоок, 1 үндүк жана бут кийим уурдаганы үчүн 4 жылга эркинен ажыратылды

 

Кочкор районунун тургуну 350 килограмм буудай, 1 тоок, 1 үндүк жана бут кийим уурдаганы үчүн 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Нарын облустук сотунан билдиришти.

1984-жылы туулган К.Мирбек “үстүбүздөгү жылдын март айында Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну У.Жнын 350 килограмм буудайын жана ошол эле айылдын тургуну А.Кнын короосунан 1 тоок, 1 үндүк, бут кийим уурдаган” деп айыпталган. Натыйжада жабырлануучу У.Жга 3850 сом материалдык чыгым келтирилип, чыгым өндүрүлгөн эмес. Ал эми А.Кга 5700 сом зыян келтирилип, тергөө учурунда жарымы өндүрүлүп, 1250 сомдук материалдык зыян өндүрүлгөн эмес.

Бул иш боюнча Кочкор райондук соту К.Мирбекти күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биротоло 4 жылга эркинен ажыратылган. Соттолуучу жазасын жатак-абактарында өтөйт.

Айта кетсек, К.Мирбек мурда да “кылмыш далалаты” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери менен сот жообуна тартылып, 2 жылга сыноо мөөнөтү чектелген. Жазасын өтөп бүтүп, соттуулугу жоюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.08.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам өлтүргөндөр эркиндикте эле жүрөт го. Кыргызстанда мыйзам бар экенин билбепмин.
19.08.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага!!! 5-8мин сом учун 4 жыл дагы, казынадан 5-8млн $(!) уурдагандар 4 айга да камалбайт. Ушул да адилеттуулукпу?! Корунуп турат соттордун гумандуулугу. Кылмыштуу топтор, паракор чиновниктер эркиндикте сайрандоодо, бечара тоок-козу, телефон уурдагандар абакта... Тукурдум мен ушундай сот системасына... Дагы реформа дегенин айтасынбы...
19.08.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshol uurdagan nerseler boyuncha eseptegende 4 jyl kop da , bul zaman akchasy joktorgo kor zaman go , chirkin
20.08.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага адилеттүүлүк! Миллион пара менен кылмыш үстүнөн кармалгандар да камалбай, тоок уурдаганды камаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: