super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү министрлиги окуучулардын мектепти аяктоодо кесипке ээ болуусун пландоодо

 

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билим берүү тармагында чоң өзгөрүү сунушталып жатканын маалымдады. Анын билдиришинче, мектеп окуучуларынын мектепти аяктап жатканда атайын кесипке ээ болуусу каралган. "Учурда программа иштелип жатат. Ишке ашыруу үчүн комиссия тарабынан 100 мектепти тандап алып, балдарды кесип боюнча окутабыз. Окуучу мектепти бүтүп жатып өз алдынча кесипке ээ боло алат жана ал дароо жумуш таап, иштеп кете алат. Ал үчүн жакшы адистерди тандайбыз", - деди Сариева.

Министр ошондой эле мектептерде математика сабагынын саатын көтөрүү сунушталып жатканын кошумчалады. "Жогорку окуу жайларда математика жана физика тармагында окуган студенттердин саны аз болуп жатат. Бул багытта бюджеттик орундарды көбөйтүү керек. Ошондой эле мектептерде аталган сабактар боюнча сабактардын саатын көбөйтүүнү сунуштап жатабыз", - деди Сариева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: