super.kg logo
  Спорт  

86-орунду ээлеген спортчубуз, Казакстандын намысын талашкан кыргыз кызы, чоң сабак болгон Олимпиада...

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында байге ала албай, жеңилүү ызасын тарткан көп спортчулардын көз жашы кургай элек. Биз баягы таз кейпибизди кийип, кайрадан медалсыз калдык. Бул Олимпиада спортчулар жана машыктыруучулар үчүн гана эмес, бийликтегилер үчүн дагы чоң сабак болушу керек. Себеби спорт күн санап токтоосуз өнүгүп жатат жана акыл токтотуп, спортту өнүктүрүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынбаса, көп нерсе өзгөрүүсүз кала берет.

"Рио-2016" Олимпиадасы аяктаган соң "Оюндар бизге кандай сабактарды бериши керек?" деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрдүк.

1-сабак. ЖАЛАҢ БАЙГЕ АЛА ТУРГАН СПОРТЧУЛАРДЫ ЖӨНӨТҮҮ...

Олимпиада - бул спорттун кайсы өлкөдө кандай өнүгүп жатканын аныктай турган аянт. Бардык мамлекеттер анда байге алуу аракетин көрүшөт, анткени ар бир медаль өлкөдө спорттун жайылуусуна шарт түзүп, жаштарды шыктандырат. Андыктан бул жаатта мыкты мамлекеттик саясат болуш керек. Олимпиадага жалаң күчтүү спортчуларды жөнөтүү - биз ала турган биринчи сабак. Марафонго чуркап, 60-орунду, 80-орунду ээлеген спортчунун көрсөткүчү жаштарыбызды шыктандырары шек жаратат. Жаштар спорт дегенде жеңишти, байгелүү орундарды элестетиши керек. Бизде калыптанып калган "катышуунун өзү жеңиш" деген ойдон кайтышыбыз керек.

P.S. Кыргыз спортчуларынын ичинен эң начар көрсөткүчтү Илья Тяпкин көрсөттү. Ал 155 спортчунун ичинен 86-орунду ээледи.

2-сабак. ЧУКУЛ КЫРДААЛДАРГА ДАЯР БОЛУУ...

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль уткан Иззат Артыковго байланышкан допинг чыры спорт тармагы боюнча жооптуу мамлекеттик мекемелерибиздин чукул кырдаалга даяр эмес экенин көрсөттү. 12-августта спортчунун допинг колдонгону аныкталып, биздин өлкөнүн өкүлдөрүнө маалымдалган. 18-августта медаль жокко чыгарылды. 19-августта гана Спорт агенттигинин жетекчилиги маалымат берип, изилдөө үчүн комиссия түзүлөрүн жана Спорттук арбитраждык сотко арыз берилерин жар салышты. Бушайман болгон элдин да суроолоруна шашпай жооп кайтарылды. Кайтарылчу жооп деле "Каныбек" романындай узун эмес болчу.

Биринчи жолу мындай кырдаалга туш болуп жаткандыктан, көпчүлүк же медалдан биротоло үмүт үзөрүн, же кайтарыларын билбей турат. Бирок дагы да болсо үмүтүбүз үзүлө элек. Албетте, ар бир коштошуу аянычтуу, өкүнүчтүү болот. Ал эми алтынга тете жалгыз коло медаль менен коштошуунун күйүтүн көптөр сезип көрүштү...

P.S. Иззат Артыковдун чеберчилигинен, мыктылыгынан эч качан шек санаган эмеспиз, санаган жокпуз жана санабайбыз. Маселенин оң жагына чечилеринен үмүт кылган калың топтун ичиндебиз.

3-сабак. КАЛЫСТЫ КОШО УТУУ...

Олимпиада оюндары - тынчтыктын, тилектештиктин, улуттар аралык достуктун символу. Бирок кандай гана мелдеш болбосун, калыстардын катачылыгына орун берилет. Бул жолу да балбаныбыз Арсен Эралиевдин, Айсулуу Тыныбекованын кармашында калыстардын калыстыгы шек жаратты. Андыктан бул көрүнүштөн да жыйынтык чыгаруу абзел (көбүнчө машыктыруучулар менен спортчуларга тиешелүү).

Атактуу шотландиялык футбол адиси Алекс Фергюсон айткандай, жеңиш үчүн атаандашты гана эмес, калысты кошо жеңе билүү керек. Биздин спортчуларга калысты кошо жеңүүгө аз гана болсо да ийгилик жетпей калды.

4-сабак. ӨЗГӨЛӨРДҮ КОЮП, ӨЗҮБҮЗДҮН ТАЛАНТТАРГА КӨҢҮЛ БУРУУ...

Өз өлкөсүндө баркы жок же багы ачылбаган, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алган спортчуларды "легионер" дейт. Мисалы, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына аттанган 19 спортчубуздун үчөө легионерлер эле. Орусиянын курамына кирерине көзү жетпеген балбандар Магомед Мусаев менен Айаал Лазарев көптөн бери биздин атыбыздан чыгат. Ал эми дзюдочу Отар Бестаев былтыр гана жарандыгын алмаштырган. Риодо Мусаев менен Бестаев чейрек финалда утулса, Айаал Лазарев жарым чейрек финалда утулду.

Машыктыруучулар улуттук курамды бекитүүдө легионерлерди өлкө чемпиондугуна сөзсүз катыштырып жатышат. Алар утуп, эл аралык мелдештерге аттанып жатышат. Бул көрүнүш таланттуу жаштарыбыздын өсүүсүн токтотуп жаткандай. Легионерлердин көзүн карай бере турган болсок, жакын арада эркин күрөштөн мыкты балбандар чыкпайт. Легионерлерге атаандашып, кайсы бир салмак категориясынан мыктылар өсүп чыгат деген практика 10 жылдан бери (балким, андан көп) жыйынтык бере элек.

Казакстандын атынан Олимпиадага барган 15 легионердин бири кыргыз кызы Жылдыз Эшимова (жогорку сүрөттө). Ал 48 килограмм салмакта күрөшүп, 5-орунду алды (Айсулуу Тыныбекова сыяктуу эле). Аны көрүп бир чети сыймыктануу жаралса, бир чети ич күйөт. Бул көрүнүш боюнча чыгарылчу жыйынтык: өзүбүздүн мыктыларга да көңүл буруу абзел.

P.S. Казакстандын легионерлери 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль тагынышты.

5-сабак. КОҢШУ МАМЛЕКЕТТЕРДИ КАРАП ТҮЗДӨНҮҮ...

Иш жүрүшпөй жатса, албетте, учурдун талаптарын, коңшу мамлекеттер колдонуп жаткан ыкмаларды карап жыйынтык чыгарыш керек. Аларда бар таланттуу спортчулар бизде да бар. Болгону биз аларга караганда шарт түзүп берүү жагынан артта калып жаткандайбыз.

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасы Олимпиада оюндарында бир убакта чогуу дебют кылган. Тажикстанды эске албаганда, берки эки коңшубуз бизди эбак эле бул жаатта артта калтырып, Олимпиадалардагы ийгиликтүү командалардын катарын толуктап келишет. Буга "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында катталган жыйынтык мисал болуп бере алат.

Өзбекстан - 13 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 7 коло)

Казакстан - 17 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 9 коло)

Тажикстан - 1 медаль (1 алтын)

Кыргыз Республикасы - 0 медаль

Олимпиадага жолдомо алгандарды санай келгенде эки колубуздун манжалары жетпей калат. А бирок жыйынтыктарды саноого келгенде манжаларды кыймылдатуунун кажети жок...

Өлкөбүздүн атынан спортчулар тарыхта 6-ирет Олимпиадага катышышты. Кайсы жылы канча спорт түрүнөн канча спортчу катышканы, канча медаль болгону төмөндө берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(43)
23.08.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец Максат туура жазгансын күйүнгѳнүбүзчѳ бар
23.08.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спортко конул бурунуздарчы жогорку жааак!!!!
23.08.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде спортсмендерди мамлекет ийгилик жаратуу учун эмес кобунчо криминалдар оздорунун кызыкчылыгы учун колдонуп калды.Мамлекет спортко олуттуу мамиле кылбаса бизде олимпиада чемпиондору эмес криминал чемпиондору чыга берет.
23.08.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бөлүнүп атат дебегиле, бирок түштүк областтарынан бардыбы олимпиадага ошол 20-30 адамдын ичинен?? Биздин балдар эрежесиз эр уруштан коншу өлкөлөрдүн үшүн алып келет, 95 пайызы Ош областынан, буга да капа болбогула. Статистика үчүн айтып атам, олимпиадага барыш үчүн официалдуу жарыштарга катышыш керек, Бишкеке жакын региондор ошого жетишкендей.
23.08.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок жыйынтык өкүнөөрлүк болуп атат.
23.08.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен приздент болом
23.08.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туп туура
23.08.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чондорго эч качан сабак болгон эмес жана мындан нары да эч качан болбойт. Сабак болсо, намысты ойлошсо эмдигиче кыймылдашмак. Булар өлкө намысын, аброюн эч качан ойлонбойт жана уруп да коюшат. Өз капчыгын, биснесин гана ойлогон шумпайлар бийликте олтурушат. Спортчулар менен өлкө бюджетине эле күч келүүдө!!!
23.08.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде чыныгы жолдомону кара күчү нагыз мээнети менен алып барып катышкан спортчулар аз болууда. Көпчүлүгү топтогон балы көрсөткүчү кокустан жетип калып эле барып калгандар көп болууда. Алардын жетишкендиктери Олимпиадада тукко татыбай караандабай калып кетуудо.
23.08.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечек жаштардын колунда!жогору жак тазаланса биз баарын иреттейбиз......
23.08.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Колдорунан Б...к келбегенден олимпиадада не бар десен
23.08.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар ким оз очогуна кул тартып жаткан заманда спорт кайдан онукмок ...
23.08.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошндо Америкадан 500спотчу катышса 100ашык медал ошондо 4/1ото чон корсоткуч
23.08.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хе тим эле озбек десе мурдубузду чуйруп бутубуздун учу мн корсотобуз даже казактарды артта калтырыптыр. Борбордук Азияда алдынкы орунга чыгып кетиптир. Биз куру мактаныч мн керилбестен аракет кылсак болот эле.
23.08.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо Бакиевтин убагында жакшы жыйынтык бар экен эледа 1 кумуш,1 коло АШАнын убагында ат...... жокко
23.08.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өткөндө Эралиев жакшы шартта даярдандык деп жатпады беле?
23.08.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай эле уят иш болду, букараны кантип карайбыз. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигин толугу менен отставкага. Жада калса мектептердин дене тарбия мугалимдерди кошуп. Мектепте окуп жургондо бийиктиктен секируу бойунча областтык рекордто болчумун, эч даядык жок туруп. Ошондо мени кармап калганда балким чемпион болмокмун.)
aash түзөттү 2016-08-23 19:48:19
23.08.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чоңдор эле дей берет экенсиңер да,ушинтип айтканга ар бирибиздин оозубуз көнүп калган.эң башкысы жаштарыбыз спортко көңүл бурбайт жарымы мигрант,жарымы даватчы,жарымы аракчы,жарымы бекерчи жүрүшөт көчөдө эмне кылаарларын билбей.жалкоолукту моюнга мингизип алышып.
24.08.2016. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
karona12,спортко конул бургудай бир жакшы спорт залы же башкасы жок анан мигран болушатда завод ишканалардын баарын талкалап салып болушса ишти жок кылып озбекстан сактап калган ошондо
23.08.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындык ар дайым ачуу болот
23.08.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АША кунолуу!
24.08.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрежесиз эр таймашты жыйыштырыш керек КЫРГЫЗДАР... колунардан келген туруно катышсанар э, мисалы жаа атканга, тир атканга, ат оюндарына кобуроок конул бурушунар керек, анткени бул нерселер биздин генде бар... каяктагы чуркоо пуркоо, сууда сузуу марафон парафон эмес. Баш иштебесе буту-колдун шору
24.08.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бизде ырчылар эле болсо...
24.08.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamanaresi, Чын эле сен айткандай бизде ырчылар коп болсо анан той коп болсо эле боооолду.
24.08.2016. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаевдин азыр спортту ойлогонго убактысы жок. Бийликте өз күчүн кармап калуунун кайгайын тартып жүргөн убагы. Куда каалса кийинки олимпиадада медалдарды алабыз, сабыр кылгыла.
zarlyk2211 түзөттү 2016-08-24 04:15:03
24.08.2016. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай соз айтышынды да билбейсин чондор нвмыстанып казактын бир чонун кечирим суратып журот элего ушндай кетиште ошого окшогон жаман создун кобун угушатго.ушундай нерселерден намыстанып коюшса болмок айткан создон намыстанбай
kansulu түзөттү 2016-08-24 06:20:51
24.08.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иля тяпкин 86 орунду елегени жакшы корсоткуч.Курошто 155 курошчу катышканда анда аларда жаман корсоткуч болмок.
24.08.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиднейде 48 спортчу катышкан екен ошодон 1гана коло Аллан екенбиз
24.08.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай буйруса балдарыбызды спортко кызыктырып жаштайынан олимпиядага даярдайлы Кыргыз элим ошондо коробуз алтын медальды
24.08.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аткаминерлер бийлик талашып, кресло болушо албай жатса кайдагы спртчуларды ойломок эле. Мамлекеттик денгеелде спотчуларга дем берип, шатр тузуп бериши керек эле.
24.08.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул утулуш жеке спортчулардын утулушу эмес, бакандай кыргыз мамлекетинин утулушу болуп эсептелет. Спорт олимпиадасы буткул дуйнолук денгеелде болгондон кийин, мамлекет коз салыш керек болчу. УЯТ аткаминерлер !!!. Силер оз крсагынарды ойлогуча мемлекет уят болуп атат. Качан бир малекетти ойлойсунар, итак замандан артта калдык
24.08.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Могамед Мусаев атайлап эле женилип бергендей тур калтырды. Ал оноктошунун бутун кокустатып алды. Ошол мумкунчулуктон пайдаланып, женсе болот эле. Буту ооруп турган оноктошун аяды. Чужой не жалко болду биягы. Кыргыз учун кыргыздын жеп ичээрлери куйбой жатканда, башка улуттагылар куймок беле? Ошондой сонун мумкунчулук туулуп турганда, кантип алдырып жиберет Могамед?
24.08.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biikech0,туура айтасын . Ошон учун легионерлерди туп тамыры менен жок кылыш керек ! Алар кыргызга куйуп жарытпайт !
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: