КҮНСЕРЕП: Учурдун талабы - Баш мыйзамды жана бабалардан калган жерди коргоо
Бүгүн, 22-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан тынч эмес кырдаал түзүлдү. Бүгүн эртең менен ретрансляциялык станция орун алган Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстандын МИ-8 тик учагы конуп, 7 милиция кызматкерин калтырып кеткени белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы маалыматты тастыктады. “Учурда чек арачылар тарабынан телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргыз тарап жолугушууну көздөп жатат”, - деп билдиришти мекемеден. Абал Чек ара кызматы берген маалыматтан бир топ айырмалуу экендиги Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн маалыматтарынан улам белгилүү болду. Аталган комитеттин мүчөсү Шекербек Камчыбек уулунун айтымы боюнча, алар станцияга паспорттук көзөмөл орнотуп, саат 3кө эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун талап кылышкан. "Өзбек милиция кызматкерлеринин негизги талабы - 13-августта Ала-Бука районунун Орто-Токой суу сактагычынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып колго түшкөн өзбек аскерин бошотуу", - дейт Шекербек Камчыбек уулу.
Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Кыргыз жеринде жайгашкан жана ага Кыргыз мамлекетинин аймагындагы дарыянын суусу топтолот, бирок сууну Өзбекстан пайдаланып келген. Темир Сариев өкмөттү жетектеп турган кезде өлкөбүзгө таандык, бирок Өзбекстан мыйзамсыз колдонуп келген менчиктер мамлекетибизге кайтарылып алынган. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу. 17-августта жана бүгүн болуп жаткан окуялар бул маселеге чекит коюла электигин көрсөтүүдө.
Алдыда ар бир кыргыз атуулунун алдында олуттуу маселелер турат: Баш мыйзамды коргоо, ата-бабалардан калган мекенибиздин ар бир сантиметр жерин коргоо. Булар менен катар келечекке тирек болчу татыктуу жаңы президентти шайлоочу учур да жакындап келе жатат. Элибиз бул сыноолорго даярбы?..
Риодогу Олимпиаданын оту өчтү. Тилекке каршы, анын жыйынтыгы өлкөбүз үчүн кубантарлык болбоду. Кыргыз Республикасынын атынан катышкан 19 спортчунун арасынан бири гана байгелүү орунга илинип, кубаныч толкуну тарай электе Эл аралык спорт арбитраждык соту “допинг колдонулган” деген жыйынтык чыгарды. Кыргыз жалгыз коло медалынан ажырап калды. Албетте, жалпы өлкө Олимпиададан аз дегенде 3-4 медаль күткөн. Анткени Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Иззат Артыков эл аралык деңгээлдеги мелдештерде ийгиликтерди жаратып келишкен.
Кыргыз мамлекети көз карандысыз өлкө катары 1996-жылдан тартып Олимпиада оюндарына катышып келет. 6 жолу Жайкы Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн куржунунда азырынча 3 гана медаль турат. 2000-жылы, Аскар Акаевдин президенттигинин тушунда Айдың Смагулов дзюдо боюнча коло медалды тагынса, 2008-жылы, президент Курманбек Бакиевдин тушунда балбандар Канатбек Бегалиев (күмүш медаль) жана Руслан Түмөнбаев (коло медаль) байгелүү орундарды ээлешкен. 2012-жылкы Лондон, 2016-жылдагы Рио Олимпиадасында Кыргыз мамлекети медалга жетпеди. Бразилияда өткөн Олимпиада бизде спорт тармагы дүйнөлүк деңгээлден, атүгүл канатташ жайгашкан Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын деңгээлинен кыйла артта калганын жана тармак өнүкпөй жатканын көрсөттү. Тармакка жетиштүү деңгээлде көңүл бөлбөй туруп спортчулардан медаль утууну талап кылуу кыйын. Буга карабай алар “үмүтүңөрдү актай албадык” деп кыргыз элинен кечирим сурап жатышат. Олимпиада кезинде гана эмес, спортко көңүл буруу, колдоо көрсөтүү күнүмдүк жашоодо да жүргүзүлсө, спортко кызыккан жаш балдарга шарт түзүлүп берилсе, олимпиадалык резервди дайындоочу мектептеги ээнбаштык, баш аламандыктар тартипке келтирилсе гана кыргыздан Усэйн Болттор жана Майкл Фелпстер чыгат деп үмүт этүүгө болот...
Өлкөнүн билим берүү тармагы деле спорт тармагы сыяктуу канааттандырарлык эмес деңгээлде экени улам бир окуя менен далилденүүдө. Ош шаарында ата-энелер окуучулар арасындагы рэкетчиликти жоюуну Жогорку Кеңештин депутаттарынан суранышты. Ата-энелер билим берүү мекемелериндеги рэкетчилик көрүнүшү кулачын жайып, жогорку класстын окуучулары балдарды кыйнап, телефон, акча, кымбат баалуу буюмдарын тартып алып жатышканын билдиришти. Мектептин, министрликтин чегинде көйгөй чечилбей келе жатканынан улам ата-энелер мыйзамдуу укуктарынан пайдаланып эл өкүлдөрүнө кайрылышты. Эмнеге бул маселе мектептин деңгээлинде чечилбейт? Эмне үчүн мугалимдер, мектеп директорлору, Билим берүү министрлиги окуу жайларындагы рэкетке чекит коё албайт? Ата-энелер сөзсүз депутаттарга, президентке кайрылып же “салык” төлөөдөн тажаган окуучулар өз өмүрүнө кол салышы керекпи? Билим берүү министри Эльвира Сариеванын бүгүн өкмөттүн жыйынындагы билим берүү уюмдарынын окуу жылына даярдыгы тууралуу маалыматында рэкетчилик, аны жоюу боюнча сөз болбоду. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков министр айымдын отчётунда рэкетчиликти жоюуга көңүл бөлүнбөгөндүгүнө, былтыр китептерди сатып алуу үчүн бюджеттен 130 миллион сом бөлүнүп, бирок окуучулардын 79,6 пайызы гана китептер менен камсыздалганына нааразычылыгын билдирди.
Демек, жаңы окуу жылы эски маселелер менен коштолот: рэкет, китептердин жетишсиздиги, мектептердин имараттарынын начар абалы...


