super.kg logo

Баткен облусунда сел жүрүп, 7 турак жайдын короосун жана 2 айылдагы ички чарбалык жолдорду сел каптады

 

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда кечээ, 22-августта саат 18:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Натыйжада 7 турак жайдын короосун жана 2 айылдагы ички чарбалык жолдорду кум-шагыл аралаш ылай суу каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Лейлек айыл аймагындагы Ак-Терек айылында 3 турак үйдүн огородуна сел суулары кирген жана ички чарбалык жолдун 100 метр жерин ылай, кум-шагыл баскан. Катраң айылында 4 турак үйдүн огород тилкесине сел суулары кирген, ички чарбалык жолдун 400 метр жерин ылай, кум-шагыл жана 350 метр аралыктагы ички чарбалык арыктарды, ошондой эле Коргон-Катраң-Баул унаа жолун сел калдыктары баскан. №13-Жол тейлөө ишканасынан 1 автогрейдер тартылып, ылай, кум-шагылга толгон Коргон-Катраң-Баул унаа жолун тазалап, калыбына келтирген", - деп айтылат маалыматта.

Сел кесепеттеринен жабыр тарткан аймакка Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары, ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө, кошумча маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: