Бишкекте тоноочулук фактысына шектелип 27 жаштагы шаар тургуну кармалды

Бишкекте тоноочулук фактысына шектелип 27 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы Э.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 22-август күнү саат 22:30 чамасында "Ош базарынан" белгисиз жаран 9200 сомдук уюлдук телефонун колунан жулуп кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Ш.Ө. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.