КҮНСЕРЕП: Бабанов & Текебаев: Өмүрбектердин тандеми түзүлөбү?
Бүгүн, 23-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Алматы шаарында "Казакстандын аймагында бир канча теракттарды уюштурмакчы болушкан" деген шек менен 4 адам кармалды. Аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, согушчандар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын иштеген мекемелерине кол салууну, ошондой эле эл көп чогулган жерлерге террордук чабуул кылууну пландап жүрүшкөн. Колго түшүрүлгөндөрдүн арасында 1976-жылы төрөлгөн Кыргыз өлкөсүнүн жараны да бар.
Эске салсак, коңшу Казакстан мамлекетинде акыркы айларда кооптонууну жараткан окуялар орун алууда. Июнь айында Актөбө шаарында курал-жарак сатылган дүкөндөргө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө кол салуу болуп, бул окуяда 18 киши көз жумган, анын үчөөсү аскер кызматкерлери эле. Июль айында Алматы шаарында Райондук ички иштер башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук комитетинин департаментине кол салуу болуп, 3 полиция кызматкери менен 1 жөнөкөй жаран каза тапкан.
Теракттарды уюштурууну пландагандардын катарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу кабарлар Казакстандан башка өлкөлөрдө да катталып жатат. Ушул жылдын май айында Москвада теракттарды даярдоого шектелип 12 адамдан турган топ кармалган. Анын арасында Кыргыз Республикасында туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандар жана өлкөбүздүн жарандары да бар болгон. Июнь айында 40тан ашуун кишинин өмүрүн алган Стамбул аэропортундагы жардырууга шектүүлөрдүн арасында дагы мекендештерибиздин катышы бар экени айтылган. Тагыраагы, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "аэропорттогу терактка тиешеси бар деп шектелип кармалгандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары бар" деп билдирүү жасаган.
"Террордук иштерге катыштыгы бар" делинип улам бир жаңылыкта Кыргыз мамлекетинин жаранынын аты айтылып жатышы, албетте, Кыргыз өлкөсү үчүн мамлекеттик коопсуздукту күчөтүү керек деген эскертүү. Бир эле УКМКнын маалыматы боюнча, Сириядагы согуш иштерине катышууга жөнөп кеткен Кыргыз мамлекетинин жарандарынын саны 600дөн ашык. Расмий статистикага илине электер бул сандан алда канча көп болушу мүмкүн. Бул аралыкта Ош облусунда “жарандарды Сириядагы согушка катышууга үндөгөн” деп шектелип кармалган 18 жаштагы жаранды эки күндөн кийин Ош шаардык соту үй камагына чыгарды.
Келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу Өмүрбек Текебаев Өмүрбек Бабанов менен тандем түзгөнү жатабы? Бул суроо акыркы күндөрү кызуу талкууга алынууда. Интернетте жазылган божомолдорго караганда, өлкөнүн түштүк жана түндүк жергесинен болгон эки чоң саясатчы тандем түзүшүп, бири премьер, экинчиси президент болорун өз ара чечип алышкан. Тагыраагы, президенттикке Өмүрбек Текебаев ат салышат да, ал утуп чыкса Өмүрбек Бабанов премьерликке келет... Бүгүн “Ата Мекендин” лидери SUPER.KG порталына бул жоромолдор боюнча комментарий берди. Өмүрбек Текебаев: “Алмазбек Атамбаевдин референдумга камдануусу анын саясий аренадан кете турган мөөнөтү келгенин көрсөтүп жатат. Мындан улам эл “Эми президент ким болот? Бийликке кандай саясий күчтөр келиши мүмкүн?” деген суроолорго божомолдорду айтууда. "Бабанов менен Текебаев биригет" деген сөздү ушул сыяктуу божомолдордун бири деп билем”, - дейт. Ал эми Бабанов бул боюнча үн ката элек. Бул эки лидердин шайлоо алдында биригүүсү боюнча жоромолдордун жаралышына Өмүрбек Текебаев өзү да жем таштап койду эле. Алсак, Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча өткөргөн маалымат жыйынында: “Кезинде Бабановду кызматтан кетиришпегенде, саясий системдеги өкмөттүн орду бүгүн башкача болмок. Ал амбициялуу, өз алдынча иш жүргүзгөн жана аябай мобилдүү премьер болгон”, - деп Бабановдун дарегине баалуу комплимент айткан. Өмүрбек Текебаев жогорудагы кептерди калп деп жокко чыгарбай, ошол эле учурда жакын арада ишке ашышы мүмкүн экенин да ачыктаган жок. Саясатта достук же кастык эмес, убактылуу кызыкчылыктар гана болот. Андыктан саясий кызыкчылыктар буга чейин бири-бирине оппонент болуп келишкен бул эки лидерди бир ураандын астына бириктирип коюшу мүмкүн.
Түштүктө кыргыз-өзбек чек арасындагы абал азырынча чечилбеген бойдон турат. Мамлекеттик чек ара кызматы буга чейин Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынын аймагынан кармалган өзбек милиция кызматкери кечээ өткөрүлүп берилгенин маалымдаганы менен, Өзбекстандын милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоодон чыгып кетише элек. Тоодогу телерадиостанцияда иштеген 4 кызматкер да өзбек милиция кызматкерлери кайтарууга алган аймактан чыга албай жатышат.
Ал эми бүгүн Аксыда Үңкүр-Тоо аймагынан өзбек милиция кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн талап кылган 100дөй адамдын катышуусундагы акция өттү. Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын тегерегинде жайгашкан кыргыз милиция кызматкерлеринин көзөмөл-постторун алып салууну талап кылууда. Кыргыз бийлигинин жогорку жана жооптуу кызматкерлеринин аталган маселеге чекит коюуга шашпаганы жергиликтүү тургундарды терс аракеттерге жетелеп, абалды курчутууга гана алып барат.
кошулду


