Италияда күчү 6 баллдан ашкан жер титирөө болуп, Аматриче шаарынын жарымы урап калды






Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6 баллдан ашкан жер титирөө болуп, Аматриче шаарынын жарымы урап калганы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 23-августтан 24-августка караган түнү болгон. Анын күчү 6 баллдан ашып, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы имараттар зыянга учураган.
Аматриче шаарынын мэри Серджио Пироцци: “Шаардын дээрлик жарымы жок. Жашоочулар урандылардын алдында калышты”, - деп билдирүү тараткан.
Азырынча жабыркагандар, каза тапкандар тууралуу так маалымат жок. Айрым интернет колдонуучулар жер титирөөдөн кийинки сүрөттөрдү чыгарышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
zezim2000

24.08.2016. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аллахым озу колдосун
Sara07

24.08.2016. 11:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айтпай келген кырсыктан сакта !
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.