super.kg logo
  Саясат  

Италияда кыргыз диаспораларынын форуму башталды

 

Италиянын Сан-Марино шаарында 11-апрелде чет жердеги кыргыз диаспораларынын бүткүл дүйнөлүк 2-форуму башталды. Kyrgyz Club бирикмеси билдиргендей, форумга АКШ, Канада, Япония, Орусия, Бириккен Араб Эмиратында жана башка өлкөлөрдө жашаган мекендештер жана коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышууда. Алардын ичинде "Шоро" компаниясынын президенти Таабалды Эгембердиев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев, Сан-Маринодогу диабетиктер ассоциациясынын президенти Рикардо Вентуринилер бар. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да бул форумга кызыгуусун билдирип, бирок жүйөлүү себептерден улам катыша албай турганын айтты. Форумдун алкагында чет өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүнө байланышкан бир катар актуалдуу маселелер талкууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: