super.kg logo
  Саясат  

6 айда Орусиянын "кара тизмесинен" 6700 кыргыз жараны чыгарылса, кайра эле 6500 жаран аталган тизмеге кирип калган

 
Бакыт Адылов
Төлөнбай Кожобаев

Премьер-министр Соронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августта Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адыловду жана аталган кызматтын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Төлөнбай Кожобаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Адылов миграция тармагында жүрүп жаткан иштер жана алдыдагы аткарыла турган иш-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал кыргыз жарандарына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган "кара тизмедеги" мекендештерибизге укуктук колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирди.

“2015-жылы "кара тизмеден" 76 миң кыргыз жараны чыгарылган. Учурда 119 миң кыргыз "кара тизмеде" турат. Акыркы 6 айдын жыйынтыгы боюнча 6700 адам тизмеден чыгарылган болсо, ал эми 6500 жараныбыз кайра эле Орусиянын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн "кара тизмеге" түшүп калган”, - деди Бакыт Адылов.

Өкмөт башчы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында келишилген документтердин негизинде жана консультациялык жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу аракетин көрүүнү тапшырды. Ошондой эле Төлөнбай Кожобаевге бул багытта орусиялык кесиптештери менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишти натыйжалуу алып барууну тапшырды.

“Кыргыз өкмөтү Орусиядагы кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын коргоо жана аларга кам көрүү максатында Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн ишин толугу менен колдоп, алардын муктаждыктарын чечүүгө кызыкдар”, - деп белгиледи премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков мындан сырткары чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештердин эне тилин унутпоосу үчүн атайын курстарды, окутууларды уюштуруу зарылдыгын жана медициналык камсыздандыруу өнөктүгүн карап чыгууну буйруду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: