super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Күзгө кайрадан "кетсин" деген ураан менен киребизби?

 

Бүгүн, 25-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Коомубуздун психикалык ден соолугу начарлап баратканын далилдеген дагы бир окуя орун алды. Бишкекте 19 жаштагы ата 4 айлык наристесин катуу сабап салды. Анын аялы бул окуя мындан он күн мурун болгонун айтып: “Окуя болгон күнү сыртта болчумун. Үйгө кирсем, балам эс-учу жок жатыптыр. Анан эле анын дене табы көтөрүлүп, калтырай баштады. “Тез жардам” чакыртып, уулумду ооруканага алып келдим. Ошол учурда күйөөм бала менен үйдө болчу. Эмне болгонун сурасам, эч нерсе айтпай койгон. Кийин милицияга “катуу ыйлаганынан сабагам” деп көрсөтмө бериптир. Учурда ал СИЗОдо”,- деп билдирди. Наристесин сабаган атасы балдар үйүндө тарбияланганы, шаарда туугандары жок, аялы менен батирлеп жашаганы белгилүү болду. Ошентип, ата-эне мээримин көрбөй өскөн 19 жаштагы бала эми 8 жылга кесилиши мүмкүн. Түрмөдө кантип жакшы ата болуш керектигине үйрөтүшпөсү анык. Соңку жылдарда коомдо үй-бүлө институту солгундап баратат. Ажырашуулардын саны өсүп, жалгыз бой энелердин саны көбөйдү. Аларга материалдык жактан баланы тарбиялоо кыйын болууда. Өлкөдөгү жумушсуздуктан жарандарыбыз чет жерге кетишип, алардын балдары, эң жакшы дегенде чоң ата менен чоң эненин колунда калат. Же болбосо туугандарынын же балдар мекемелеринин кароосуна калтырылат. Атасынан жакшы тарбия алган бала өзүнүн балдарына да үлгүлүү ата болушу толук ыктымал. Кичинекей кезинен ата-энеси тарабынан кыйноолорго кабылып өскөн бала да чоңойгондо мыкты ата боло алат. Ал үчүн коом ага туура тарбия бериши керек. Албетте, бул маселеде билим берүү жана социалдык көзөмөл жана камкордук органдарынын ролу жогору. Ошол эле учурда катардагы жарандар үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган балдарга кайдыгер мамиле жасабашы зарыл.

Үңкүр-Тоону коргоо комитети элге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда комитет мүчөлөрү "Өзбекстандын милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоодогу телемунараны басып алып, жумушчуларын барымтага алып жаткан кезде КТРКнын эфиринен такталбаган маалымат берилип жатты" деп нааразычылык билдиришүүдө. “23-августта КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасынан "2006-жылы 3-октябрда ошол мезгилдеги президент Курманбек Бакиев Ташкент шаарында №20-протокол менен сатып жиберген” деген такталбаган маалыматты таркатып, Аксы элин дагы дүрбөлөңгө салды”, - деп жазылат кайрылууда. Мамлекет тарабынан башкаларга салыштырмалуу кенен каржылоого алынган бирден-бир телеканал "Үңкүр-Тоо Өзбекстандыкы" экенине коомчулуктун кулагын көндүрүп баштадыбы?

Өзбек массалык маалымат каражаттарынын Үңкүр-Тоонун кимге караштуу экендиги боюнча позициясы да маалым болду. Өзбекстандын ИИМине шилтеме берүү менен өзбек басылмалары: “22-августта Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Наманган облусунун Чартак районунун аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн, Кыргыз Республикасына таандык телемунарада иштеген 4 жаран кармалган. Аларга карата чаралар Өзбекстандын мыйзамына ылайык көрүлөт”, - деп жазып чыгышты. Демек, өзбек тарап “Үңкүр-Тоо Өзбекстанга таандык, ал эми тоодогу телемунара Кыргыз Республикасына таандык” деген позицияда турат. Үңкүр-Тоону илгертеден кыргыздар өз жери катары пайдаланып келишкен. Өзбек тарап кайсы документтин негизинде телемунара жайгашкан тоону өзүнө ыйгарып алганы белгисиз. Жер Акаевдин тушунда Үзөңгү-Кууш Кытайга берилип кеткендей жең ичинен сатылып кетпегени чын болсо, бийлик Үңкүр-Тоо кыргыздын жери экенин далилдеп, бул талашка биротоло чекит коюусу шарт.

Бүгүн оппозиция форум өткөрүп, негизги темасы катары Конституцияны өзгөртүүгө биргеликте каршы туруу талкууланды. Адатта пикири келишпеген Адахан Мадумаровдун Баш мыйзам боюнча позициясы Өмүрбек Текебаев менен бир болуп чыкты. Ал дагы 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп мыйзам кабыл алган соң аны сактоо керек деген пикирде. "Мен 2 кишини айттым эле, саясий көз караштары ар кандай болгону менен, буларды энелери парламент үчүн төрөп койгон деп. Бири - Текебаев, экинчиси - Ишенбай Кадырбеков. Текебаевдин түшүнүгүн түшүнүш үчүн Фаридге дагы 15 диплом керек", - деди Адахан Мадумаров. Кечээ бул маселе боюнча өткөн тегерек столдо Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовго: “Мыйзам боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү президент дагы, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы демилгелеп чыгууга укугу жок. Элдин башын айлантууну токтоткула!” - деп нааразычылык билдирген эле. Бүгүнкү жыйын сентябрдын башында Конституцияны өзгөртүүгө каршы митингдер өтөт деген чечим менен аяктады. Конституцияны өзгөртүүгө коомдун активдүү жарандык позициядагы бөлүгү, аттуу-баштуу саясатчылардын каршы чыгуусу күчөп баратат. Мындай дем менен бара берсе күзгө кайрадан "кетсин" деген ураандар менен киребизби? Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн аягына чыгабы?..


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: