super.kg logo
  Саясат  

29-август өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланды

 

29-август Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 28-августта президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктын тексти толугу менен берилет:

"2016-жылдын 27-августунда бир эле мезгилде эки каргашалуу окуя болду. Орусия Федерациясынын Москва шаарындагы өрттүн кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы кырсык 9 мекендешибиздин өмүрүн алды.

Кыргыз мамлекетинин эли үчүн бул орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга оор учурда колдоо көрсөтүү үчүн чараларды көрүүдө. Адамдардын курмандыгына алып келген себептерди объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу иштери аткарылууда. Бул максатта Орусия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат".

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 29-августу аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.

5. Бул жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: