Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөктөрү Ошко алынып келинди. Учурда учак Бишкекке конду














"Ош" аэропортуна Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөктөрү алынып келинди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Сөөктөр туугандарына берилди. Үйүнө чейин жеткирүүгө жергиликтүү өкмөт өкүлдөрү көмөк көрсөтүүдө. Жалал-Абадга 3, Ош менен Баткенге 7, Бишкекке 4 маркумдун сөөктөрү жиберилди", - деди ӨКМ кызматкери.
Бишкектеги аэропортто айрым маркумдардын туугандары өздөрүн жаман сезип, эс-учун жоготкондор да бар. Учурда 4 сөөк ӨКМнын 2 унаасына жүктөлүп, шаарды көздөй бет алды.
Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөктөрүн жакындары тосуп алышты
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Кайрат кылыныздар!!!
Мен да ошо кайрат айтам болбосо
Бирок чиркин кантип чыдайт ар бири
Жоготуп алтын кызын берметин
Калган омурлорду жакы
Эй Кыргыз элим,бир туугандарым жаным ачышып атат.Суранаарым кайда болбогула озунорду этият кылгылачы,артынарда калчу жакындарынарды ойлогулачы.Эч кимдин,эч бир жандын башына мындай жамандык жазылбасын
Кана барбы кыргыз санаа тартпаган.
Өз элинен жылыналбай бакытка,
Өрткө кетти канчалаган жаш балаң.
Кыз-уулуңду багалбаган мекенде,
Кыргызмын деп кайсы арыма мактанам! Женишбек Жумакадыр
Жакындарына жаратканым сабыр берсин(((