Борбордо "Тез жардамдын" кызматкери 3 мас кыз тарабынан сабалды
Бишкекте "Тез жардамдын" 47 жаштагы дарыгери 3 мас абалдагы кыз тарабынан сабалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 30-августта эртең менен саат 08:26да Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Анда чакыруу менен барган 47 жаштагы Чолпон Дүйшөнбиева (дарыгер) болжол менен 25 жаштагы мас абалдагы 3 кыздын ур-токмогуна кабылган.
"Дарыгер "Тез жардамга" телефон чалып, аны кыздар сабашканын билдирген. Кийин ал баш сөөгү жана мээсинен жаракат алганы аныкталып, Улуттук госпиталга жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.
"Тез жардам" кызматынын маалыматы боюнча, 2015-жылдын жай айынан бери Бишкекте дарыгерди сабаган 17 окуя болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Деги эмне болуп барат кыздарыбыз.
Заман оорлошуп турган кезде
Туура болоор барыбыздын кызканыбыз
Эмне дешимди билбей калдым. Эже синдилерим эсибизге келели.
Т.Батыралиев киришип чечип коюш керек, ар качан эле врачтарды жазалаш керек деген бир тараптуу сөзгө да точка койсун.
Сен эмне машина менен камсыздап койдуң беле?
Көчөлөр пробка кызматкерлери жетишсиз . Тим эле оңой көрүсүңда буларды.