Москвада кезекте көпкө туруп калган адам дарыгерди сабап салды

Москва шаарынын Орехово-Зуево шаардык ооруканасында кезекте көпкө күттүргөн дарыгерди бир жаран сабап салды. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочу карындашын ооруканага алып келип, рентгенолог дарыгерин көпкө күтүп калышкан. Буга ачууланган бейтаптын агасы менен дарыгердин ортосунда чатак чыккан. Чыр-чатак учурунда дарыгерге зыян келтирилген.
Полиция кызматкерлери дарыгерди сабап салган жаранды кармап кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Ар бир адамдын адамдык саапатына байланыштту
Эмне себептен кезек күттү,дарыгер эмне себептен кезек күттүрдү деген суроо келбедиби ?
Тез эле карап чыгарсаң карабады дейт, көп карап койсоң артындагылар көп карап жатат дейт :). Баарынын көңүлүнө жагуу мүмкүн эмес.