Баткен-Исфана жолунда оодарылып өрттөнгөн Хово унаасы өчүрүлдү, жайылып кеткен өрттү өчүрүү иштери уланууда



Бүгүн, 31-августта Баткен-Исфана жолунун 35-чакырымында дизель майын ташыган Хово үлгүсүндөгү машина оодарылып кеткенин окурман SUPER.KG порталына кабарлаган.
Учурда оодарылып күйүп жаткан унааны өчүрүү иштери бүткөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова маалымдады.
"Бүгүн саат 15:20да Ош-Баткен-Исфана жолунун 258-чакырымында бензин ташуучу унаа күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 26-атайын өрт коопсуздук бөлүмүнүн 1 бөлүмү тартылган. Кызматкерлер ал унааны өчүрүү иштерин бүтүрүп, учурда жайылып кеткен өрттү өчүрүшүүдө", - деди катчы.
Ал эми Баткен шаарына кеткен суу каналына төгүлгөн дизель майы тууралуу маалымат азырынча такталып жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Zainka

31.08.2016. 18:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги айдоочусу аман экенби? Эмне деген эле кундор болуп жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.