super.kg logo
  Саясат  

"Болот Отунбаев отставкага кетти" деген сөздөр чындыкка дал келбейт" дейт элчиликтин өкүлү

 
Болот Отунбаев
Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти Роза Отунбаева үй-бүлөсү менен. Сүрөттө оң жактан биринчи Болот Отунбаев, сол жактан экинчи Роза Отунбаева.

Интернет айдыңында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин отставкага кеткендиги тууралуу маалыматтар чыгып кеткен эле. Биз бул боюнча Орусиядагы Кыргыз мамлекетинин элчилигине байланышканыбызда анын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова: “Мындай маалымат чындыкка дал келбейт. Жөн гана имиш сөздөр”, - деп билдирди.

Мындай сөздөрдүн орун алышына бүгүн "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөнү себеп болду. Атамбаевдин мындай айыптоо сөздөрү айтылып жаткан убакта Роза Отунбаева трибунадан нааразычылык ишараты менен кетип калды.

Эске салсак, Болот Отунбаев экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси. Ал 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин, 2012-2015-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекетинин Германиядагы элчиси болуп кызмат аркалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: