Социалдык тармактарда президентти сындаган активдүү колдонуучулар куугунтукка алынары тууралуу пикирлер айтылууда

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөөнүн ордуна экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөн сөзү коомчулук тарабынан катуу сынга алынды. Мындан соң интернеттеги колдонуучулар ал тууралуу ар түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Сындаган активдүү колдонуучулар президент тарабынан кысымга алына тургандыгын кыйытып, “Заноза” басылмасынын башкы редактору Дина Маслова социалдык тармактардын бириндеги өз баракчасына жазып чыкты.
“Ахтунг! Мына баарыңар бүгүн бул жакта президент тууралуу начар пикирлерди жазып отурасыңар. Ал болсо элдин баары менин жалындаган сөзүмө суктанышат деп ойлоптур. Президенттик аппараттан же ал өзү социалдык тармактарга кирген өңдүү. Эми ал абдан ачуулуу. Бир аз убак мурун мага белгилүү болгондой, ИИМдин 10-Башкармалыгына социалдык тармактардагы активдүү сынчылардын IP-даректерин табуу, ал эми президенттин соцтармактагы тарапташтарына сындап жазган колдонуучулардын баракчаларына арыздануу тапшырмасы берилиптир. Мен аларга “эми "Боржоми" ичкенге кеч” же “бирөөнүн башындагы чөп” жөнүндө накыл сөздөр туура экенин айткым келет. Эми бүгүнкү сөзүнүн кесепети менен күрөшүүнүн кереги жок. Мен Өзбекстандын бир жерине түшүп калгансып, таң калып жатам”, - деп жазган Д.Маслова.


А президент дагы жакшы экен, ушунча чыдап келди, анын дарегине эмнелер гана айтылбайт,эмнелер гана жазылбайт... Балким, чыдоонун да чеги болот чыгар...
ХХХ
Айланайындарым,шугур кылгылачы.Жатып алып сындаганга машпыз да)))Сабыр.Бир жыл чыдап коёлу.Элге шерменде болмой болдук.))
убакыт-ы терс көрүнүштөрдөн чочулоо бар,бирок баары эле президентибиз аманэсен мөөнөтунүн аягына ч-н иштеп,кийнкисине тапшырып,тынчтык б-о,калганы баары б-т,тобоо кылалы деген ойдо)Бияка кирсеңэле наалыган,ХХХХ ХХХ ХХХ
1)Президенттин тили келбей калган(Эмнеге дегенде ырдай берип ошого конуп калган)
2)Жакында дагы бир ыр жазылып чыкса ал ырдын аталышы момундай "Алтындарым менин" деген чыгарма
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! 30 күндөн БАНга!