Бишкекте Ак үйдүн алдында эки митинг өтүүдө (фото)










Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Ак үйдүн алдында эки митинг өтүүдө. Биринчи топ - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевден мандатын тапшырууну талап кылышууда. Бул топ "Мыйзам боюнча, мамлекеттик кызматкер Дастан Бекешев коомдун ишине кийлигишүүгө укугу жок", "Дастан Бекешев майыптарды экиге бөлүп уруштуруп жатат", "Майыптарды кордогон Дастан Бекешев мандатын тапшырсын!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турат.
Экинчи топ - Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына каршы чыккан Бишкектин тургундары. Алардын айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, бийлик жарандардын жер тилкелерин мажбурлап алууга укуктуу болот.
Жалпысынан Ак үй алдында 50 чакты адам турат.
Бишкекте Ак үй алдында эки митинг өтүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Бугунку бийликте отургандар Кыргызстанга жакшы эч нерсе бере албасы, экономиканы которуп элдин жашоосун жакшырта албасы баарына айкын-ачык болуп калды. Ошондуктан булар канчалык тез жоголушса элге ошончо жакш