super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Өзбектерде 4 кыргыз барымтада жатса, депутаттар майрамдаганы тарашты

 

Бүгүн, 1-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жайкы каникулдан кийин кезектеги сессиясы ачылды. Парламенттин пленардык жыйындар залында толкундануу, тынчсыздануу сезилди, буга чейинкидей тайманбастык байкалган жок. Депутаттар Москвадагы өрт, өзбектер тарабынан барымтага алынган 4 кыргыз жараны жана Кытай элчилигиндеги жардыруу тууралуу талкуулоо зарылдыгын айтышты. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков аталган маселелерди фракция лидерлери менен август айында жолукканда талкуулаганын эскертип, парламенттин тиешелүү комитетинин жыйынына жооптуу кызматкерлер чакырылып, маалымат берерин билдирди. Андан соң 6 фракция лидеринин ичинен үчөөсү трибунадан билдирүү жасады: Өмүрбек Текебаев (“Ата Мекен”), Иса Өмүркулов (КСДП) жана Өмүрбек Бабанов (“Республика-Ата Журт”). Алардын ичинен Текебаевдин сөзү өзгөчө таасирдүү болду. “Биз бирөөнүн малайы эмеспиз, биз - эл өкүлүбүз. Парламенттин деңгээли мынчалык төмөнгө түшкөн эмес. Депутаттарга эч бир президенттин, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери кабинетине чакырып, көрсөтмө бергендей болбош керек. Конституцияга ылайык, президентти катыштырбай туруп өкмөттү түзүүгө парламенттин укугу бар”, - деди Текебаев.

Иса Өмүркулов депутат Чолпон Жакупованын “бийлик депутаттарды Конституцияны өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорго зордоп кол койдуртушту” деген сын-пикирине жооп берди. “Депутаттарды “Конституцияны өзгөртүүгө макулмун” деп кол коюуга эч ким мажбурлаган жок. Эгер депутатты кимдир бирөө мажбурлаган болсо, ал кол койбогонго жана демилгени колдобогонго толук укуктуу”, - деп ишендирүүгө аракет жасады Өмүркулов. Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө “Конституцияны өзгөртүш керек” деп чыкса, ал эми Бакыт Төрөбаев (“Өнүгүү-Прогресс”), Канат Исаев (“Кыргызстан”) жана Алтынбек Сулайманов (“Бир бол”) трибунага чыгышкан жок. Ошондой эле КСДПчы депутатынын сунушу менен Жогорку Кеңештин жыйындары 12-сентябрдан кийин өтмөй болду. Ал мындай демилгесинин себебин 3-8-сентябрь күндөрү өтчү Көчмөндөр оюндарына депутаттардын бара турганы жана Курман айтты (12-сентябрь) майрамдоо менен түшүндүрдү. Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин фракция лидерлери менен жолугушканда Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкууну 10-сентябрга чейин узарткан. Демек, коомдук талкуу жүрүүсү керек болгон маалда депутаттар оюн жана майрам менен алек болушат. Өкмөттү, Чек ара кызматын чакырып, "Өзбектерде камакта жаткан 4 кыргыз жаранын качан бошотуп келесиңер?" деп талап кылгандын ордуна "майрамдайбыз" деп ишти баштабай жатып депутаттар тарап кетишти...

Бийлик эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн негизги жетишкендиктердин бири болгон сөз эркиндигин чектөөнүн жаңы ыкмасын тапкан окшойт. Кечээ "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөөнүн ордуна экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөн сөзү коомчулук тарабынан катуу сынга алынган эле. Мындан соң интернеттеги колдонуучулар ал тууралуу кескин сындаган пикирлерди жазып башташты. Мисалы, Кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов Фейсбуктагы өздүк баракчасына: “Кечээ эле эркектер "Кыздарыбызды коргой албай калдык, кечиргиле!" деп жатышты эле. 31-августтун урматына атайын элдин алдына келген Роза эжекебизди президентибиз ашатып шыбап жатканда, Роза эжекебиз сахнадан кетүүгө аргасыз болгондо, Роза эжекебизди колдоп басып кетип калган бир да саясатчы болгон жок. "Ала-Тоо" аянтында ал кезде жалгыз гана ЭРКЕК саясатчы - Роза Отунбаева болду!” - деп жазды. Президентти сындаган активдүү колдонуучулар тартип сакчылары тарабынан кысымга алына тургандыгын кыйытып, “Заноза” басылмасынын башкы редактору Дина Маслова жазып чыкты. “Ахтунг! Мына баарыңар бүгүн бул жакта президент тууралуу начар пикирлерди жазып отурасыңар. Ал болсо элдин баары менин жалындаган сөзүмө суктанышат деп ойлоптур. Президенттик аппараттан же ал өзү социалдык тармактарга кирген өңдүү. Эми ал абдан ачуулуу. Бир аз убак мурун мага белгилүү болгондой, ИИМдин 10-Башкармалыгына социалдык тармактардагы активдүү сынчылардын IP-даректерин табуу, ал эми президенттин соцтармактагы тарапташтарына сындап жазган колдонуучулардын баракчаларына арыздануу тапшырмасы берилиптир. Мен аларга “эми "Боржоми" ичкенге кеч” же “бирөөнүн башындагы чөп” жөнүндө накыл сөздөр туура экенин айткым келет. Эми бүгүнкү сөзүнүн кесепети менен күрөшүүнүн кереги жок. Мен Өзбекстандын бир жерине түшүп калгансып, таң калып жатам”, - деди Маслова. Азырынча президентти сындаган баракчаны жабуу боюнча факт байкалган жок. Бирок интернет айдыңында бийликти сындагандар менен күрөш аракети старт алды десе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: