Индонезия жана Жаңы Зеландияда 7,2 баллга жеткен кубаттуу жер титирөө катталды

Индонезияда 5,8, Жаңы Зеландияда 7,2 баллга жеткен кубаттуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индонезиядагы жер титирөө 2-сентябрда Падангсидемпуан шаарынан 120 чакырым алыстыкта, түштүк-батыш тарабынан орун алган. Анын очогу 24,3 чакырым жердин тереңдигинде болгон. Жабыркагандар жана суу толкуну катталган эмес деп айтылат маалыматта.
Ал эми 1-сентябрь күнү Жаңы Зеландияда кубаттуулугу 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер силкинүү Гисборн шаарынан 145 чакырым алыс аралда катталган. Жаратылыш кырсыгынын орун алган очогу 159 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөө эл жашабаган аймактарда катталгандыктан, жабыркагандар, талкаланган имараттар болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kyrgyz_girl

02.09.2016. 11:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллага шугур!
shadyeva

02.09.2016. 23:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.