super.kg logo

Жумгалда “эки небересин сабады” деп айыпталган өгөй чоң эне менен чоң атанын иши кыскартылды

 

Жумгалда “эки небересин сабады” деп айыпталган өгөй чоң эне менен чоң атанын иши кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Нарын облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-июль күнү Жумгал райондук соту “эки небересин сабады” деп айыпталган Ж.Дамира менен Б.Таалайбектин ишин караган. Анда эки тараптын өз ара келишип алышканы белгилүү болгон. Мындан улам райондук сот Жазык-процесстик кодексинин 28-берене (жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жазык иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон жазык иши кыскартылат) жана Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесинин (жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) талаптарына ылайык, аларга козголгон кылмыш ишин кыскартып, жаза жоопкерчилигинен бошотууга мажбур болгон.

Тактап айтканда, балдардын апасы Ж.Ы. сотко кат менен кайрылып, айыпталуучуларга эч кандай доосу жок экенин билдирип, ишти өндүрүштөн кыскартууну суранган. Ал балдары менен Орусияда болгондуктан, сот отурумуна катыша албасын билдирген.

Айта кетсек, 2015-жылдын 20-декабрында Ж.Дамира 4 жаштагы өгөй небересин заңдап койгону үчүн ысык сууга бутун жана жамбашын күйгүзүп салган. Ал эми чоң атасы Б.Таалайбек неберелерин мас абалда сабачу.

Өгөй чоң энеси менен чоң атасынын ур-токмогуна кабылган 6 жаштагы Диана SUPER.KG порталы менен болгон маегинде: “Чоң энем тазикке ысык суу коюп, ага бөбөгүмдү отургузду. Ал чыдабай туруп кетти. Мен ага болушайын десем, менин колумду мешке такады. Анан "болушсаң ушундай болот" деп үйдөн кууп чыкты. Түнү бою көчөдө жалгыз жүрдүм. Күн чыкканда үйгө алып келип, иним экөөбүздү сабады”, - деп билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.09.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйуштон кудай сактасын!. Озу чон энесинин документи жок бекен жинди деген? Озунуда отко эмдеп койуш керекда бала деген сиет да апей
02.09.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качанга чейин "кыскартып" журо беришет?!! "Келишип алды" деген шылтоону алып салгыла да кылмыш иши ачылгандан кийин соттогула!!! Сузакта бир "чала" молдо бир оспурумду зордуктаган болуучу, анын "иши" эмне болуптур же алар да "келишип алып" кылмыш иши кыскартылыптырбы?! Мындай "келишип алмайдан" улам кылмыштар кобойуп жатат кылмышкерлер жазадан оной эле кутулуп кетип жатканы учун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: