super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Чек арада элдин сабыры түгөнүп баратат

 

Бүгүн, 2-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бүт дүйнө 78 жаштагы өзбек лидери Ислам Каримовдун ден соолугу тууралуу маалыматтарды өлкөнүн расмий кызматтарынан эмес, массалык маалымат каражаттарынын өздүк булактары аркылуу алып жатат. Президенттин абалына тыкыр көз салып турган “Фергана” басылмасы “Эртең, 3-сентябрда Самарканд шаарында өзбек лидеринин сөөгү жерге берилет. Каримовдун сөөгү эки бир тууганы жана апасы коюлган Шахи Зинда тарыхый архитектуралык эстелигинин жанындагы көрүстөнгө коюлмакчы” деп жазып чыкты. Аталган басылма 29-августта эле “Каримов каза тапты” деп жаза баштаган. Кайгылуу кабарды мындан ары жашыруу мүмкүн болбой калган сыяктуу, бүгүн Өзбекстандын президенттик басма сөз кызматы “Урматтуу мекендештер, Ислам Каримовдун абалы кескин начарлап, өтө оор деп бааланып жатканын терең кайгыруу менен сиздерге маалымдайбыз” деп кыска маалымат таратты. Ал эми Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым өкмөттүк жыйында өзбек элине көңүл айтканы “РИА Новости” аркылуу белгилүү болду. Кытайда иш сапары менен жүргөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев расмий сапарынын мөөнөтүн кыскартып, Самаркандга жөнөөрүн бүгүн “Рейтерс” басылмасы жарыялады. Бишкекте Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент эмес, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышары айтылууда. Жакын арада дагы башка өлкө лидерлери Самаркандга барат деген маалыматтардын жарыяланары күтүлүүдө.

“Репортёры без границ” Эл аралык уюмунун рейтингине ылайык, Өзбекстан сөз эркиндигинин деңгээли боюнча 180 мамлекеттин ичинен 166-орунда турат (Кыргыз Республикасы 85-орунда). Журналисттерге хан сарайында эмне болуп жатканы боюнча кабар алуу оңой эмес. Маалымат талаасы бийликтин тыкыр көзөмөлүндө турарын Ислам Каримовдун абалына байланыштуу окуя абдан даана көрсөттү. Бул жымжырттыктын артында эмне жатат? Каримовдун ордуна келиши мүмкүн деп болжолдонуп жаткан эки адам: премьер-министр Шавкат Мирзийоев менен вице-премьер-министр Рустам Азимовдун ортосунда президенттик кресло үчүн күрөш жүрүп жатышы толук мүмкүн. “Рустам Азимов үй камагына алынды” деген маалыматтын чыгып кетиши жөн жерден эмес. Балким, Каримовдун бийлигин ошол эле бийликтеги топ оппозициянын же диний радикалдардын колуна кетирбей бекем кармап калууга аракет кылып жатат. Эгер Каримовдун кичи мекенинде маркумду акыркы сапарга узатууга аракет көрүлүп жатканы чын болсо, демек, учурдагы бийлик өз позициясын бекемдеп алууга жетишти...

1916-жылы кыргыз элин геноцидге алып келген боштондук үчүн улуттук көтөрүлүшкө 100 жыл болду. Бул трагедия боюнча көптөгөн суроолорго бүгүнкү күнгө чейин жооп толук табыла элек. Тарыхый документтерден жаңы фактылар табылууда. Бирок бул маселеде бир нерсе анык: Үркүн - кыргыз элин күч менен басып алууга мүмкүн эместигин, кыргыздын жат калкка баш ийбестигин көрсөткөн окуя. Кыргыз мамлекети өзүн эгемендүү деп жарыялагандан бери деле өлкө бул окуяны жаңыча карап, жаңыча баа бербей, так позициясын көрсөтпөй кылчактап келе жатат. 1916-жылдагы окуяда курман болгондордун элесине арналган эстелик "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде тургузулуп, бүгүн анын ачылышына президент, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары барышты. Үркүн окуясы, ага карата Кыргыз мамлекетинин позициясынын ачыкталышы бизге эле эмес, башка өлкөлөргө да кызык. Андыктан эстеликтин ачылышына Орусиянын жана АКШнын өкүлдөрү да катышышты. 16-17-сентябрда Бишкекке КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышууга Орусия лидери Владимир Путин келет. Ал Бишкектеги иш сапарынын жүрүшүндө Үркүн окуясында курман болгондордун элесине арналган эстеликти көрүүгө келмекчи. Андан тышкары АКШнын Борбор Азия боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюмдун да "Ата-Бейитке" келери күтүлүүдө...

Өзбекстан Үңкүр-Тоону кайтарып турган милиция кызматкерлеринин санын көбөйттү. 22-августтан бери тоодо жүргөн 8 өзбек милиция кызматкеринин ордуна 20 милиционер бүгүн эки тик учак менен жеткирилди. Үңкүр-Тоого 2 тик учак келип конгонун алгач жергиликтүү тургундар кабарлашып, аймактагы элдин тынчы кете баштады. Андан соң Чек ара кызматы маалыматты ырастады. Өзбекстандын Үңкүр-Тоодо милиция кызматкерлеринин санын өстүргөнүнө эки себеп болушу мүмкүн. Биринчиси: Аксыдагы жергиликтүү тургундардан чочулоо. Кыргыз бийлигинин 2 жумадан берки чабал аракетинен улам кыжырданган жергиликтүү калк бүгүн чогулуп “өзбек милициясын Үңкүр-Тоодон өзүбүз айдап чыгабыз” деп камданып жатышкандыгы тууралуу кабар тараган. Бул максатта 200дөй адам чогулганы ЖМКларга жарыяланды. Өзбектер тик учак менен Үңкүр-Тоого кошумча күч жеткиргени ошондон улам болушу мүмкүн. Экинчи мүмкүн болчу себеп: Өзбекстандын чек араларында коопсуздукту күчөтүү. Расмий бийлик президент “Ислам Каримов каза тапты” деп жарыялай элек. Бирок өзбек лидеринин каза тапканынан дүйнөлүк коомчулук күмөн санабай деле калды көрүнөт. Эртең Өзбекстанга Владимир Путиндин, Нурсултан Назарбаевдин жана башка өлкө башчыларынын келе турганы улам бир маалымат булагында жарыя болууда. Ички иштер министрлиги кырдаалдын курчуп кетеринен чочулап Үңкүр-Тоону өз алдынча бошотууга элдин чогулуп жатканын дароо четке какты. "Массалык маалымат каражаттары мындай маалыматты айылдык кеңештин депутаты Жанарбек Надырбековго шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Ал 200 кишиден турган элдик топ Үңкүр-Тоого барып, ал жакта турган өзбек милиция кызматкерлерин кетирүүнү пландап жатканын билдирген. Чек арага байланыштуу маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилүүгө тийиш. Бул сыяктуу маселелерди талкуулоодо да этияттык керек. Учурда аймакта тиешелүү чаралардын баары көрүлүүдө. Жергиликтүү тургундар көчөгө чыгып, митингдерге катышууга ниеттенишкен жок", - дешти ИИМден. Айылдык кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков SUPER.KG’ге “Өзбек тарап биздин 4 жараныбызды алып кетишкенине 10 күндөн ашты, алардын азыркы тагдыры белгисиз. Эртең Көчмөндөр оюндары башталса, андан кийин Курман айт... Бул маселени чечүү дагы бир канча убакка жылат. Маселени чечкиле, болбосо өзүбүз чечебиз" деп оолуккан адамдар бар", - деп түшүндүрдү. Абал чындыгында эле кооптуу. Кармалган кыргыз жарандарынын биринин кызы "атам ушинтип эле келбей калабы..." деп ыйласа, биринин апасынын кан басымы улам жогорулап, кайра-кайра ооруканага тушүүдө. Бийлик Көчмөндөр оюндары менен алек, элибизде чек ара түйшүгү, ал эми өлкөбүзгө маселе жараткан коңшубуз так талашуу алдында... Азыр кыргызда эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени дегендей абал...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: