Москвада 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча изделип жаткан басмакана жетекчиси тергөөгө келди
Москвада 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча изделип жаткан басмакана жетекчиси тергөөгө келди. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда орусиялык басылмалар Орусиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматта: “Өрт боюнча иликтөө иштери жүрүп, "Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. Ал чогултулган далилдердин негизинде өз күнөөсүн мойнуна алып, тергөөгө өзү келди”, - деп айтылат.
Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам “Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган. Азырынча Антон Яцковдун кайда экени белгисиз.

Кырсык каш кабактын ортосунда экен олум кай жактан кантип келээрин билбейт экенбиз?
Окуп алып кыжырым гана келди да, ал жакка элибиз жыргаганынан кетип жатыптырбы, Окмоту, депутаттары, президенти баары оюн-кулку, аш-тойдон, ыр жазуудан, конституцияны улак тартыш кылып ойноодон колу бошобосо, элин, (дыйкандарын да, мигранттарын да) ойлобосо, эл ачкадан олсунбу?!
Россияда мигрант болсо укугун коргой албаган (же элчилик жардам бербеген сон), ишкана кожоюндарынан бир нерсени талап кылууга ал кайда биздин мигранттарда...