КҮНСЕРЕП: Көчмөндөр оюндарынан кийин кредитке той өткөргөн жаштардын кейпин кийбейбизби?
Бүгүн, 5-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Коңшу өлкөдө 27 жылдык башкаруу доору аягына чыкты. 27-августта интернетте тараган суук кабарга өзбек бийлиги 2-сентябрда чекит койду. Өзбекстандын борбордук телеканалы аркылуу айтылган медициналык жыйынтыктан белгилүү болгондой, Ислам Каримов 27-августта эле ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Андан ары инсульттан улам комага түшүп калган Каримовду дарыгерлер 2-сентябрга чейин жасалма дем алдыруучу аппарат менен кармап турушкан. Эртеси күнү, 3-сентябрда Самаркандда өзбек башчысын акыркы сапарга узатуу зыйнатында Ислам Каримовдун ордун ээлей турган адамды көргүсү келгендер көп болду. Эң жакын адамдарына бөлүнчү табыттын баш жагын көтөрүү вазыйпасы премьер-министр Шавкат Мирзийоев менен өкмөт башчынын биринчи орун басары Рустам Азимовго тапшырылды. Демек, 3 айдан кийин орун алчу президенттик шайлоо дал ушул эки адамдын ортосунда жүрөт көрүнөт. Мындан эки жыл мурун мураскери болот деп көп айтылган жана азыр кайда экендиги белгисиз улуу кызы Гүлнора Каримова атасын акыркы сапарга узатууда көрүнгөн жок. 20дай өлкөдөн келген расмий делегациянын кайрат айтуусун жубайы менен кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева гана кабыл алып жатты.
Кыргыз делегациясына келсек, ал курамды баштап премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барды. “Жээнбеков эмес, президент Алмазбек Атамбаев барыш керек эле” деп чыккандар болду. Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзийоев менен жолугушуп, анда чек ара маселелери да сөз болду. Бирок эки өлкөнүн министрлер кабинетинин башчыларынын жолугушуусу азырынча Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунаранын 4 кызматкерин бошотууга жардам бере элек. Атүгүл Үңкүр-Тоодогу абал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр коңшу өлкөдөгү 3 күндүк аза күтүүгө байланыштуу токтотулду. 22-августтан бери Наманган облусундагы абакта кармалып турган Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранынын абалы тууралуу бир ооз маалымат берилбей жаткандыгы дагы канчага созулары бүдөмүк. Кырдаал болсо Өзбекстан бийлигинин тоготпостугунан жана кыргыз бийлигинин чарасыздыгынан улам курчуп бара жатат...
Бул аралыкта президент Алмазбек Атамбаев жана 12-сентябрга чейин пленардык жыйындарын токтото турган Жогорку Кеңештин депутаттары Көчмөндөр оюндарында чер жазып жүрүшөт. Кыргызда “той болот, тойдун эртеси да болот” деген кеп бар. Бул жагынан алганда мамлекеттин эртеңине кам көрүүсү керек болгон бийлик төбөлдөрүнүн акыркы аракеттери кыжырдануу жаратат. Үңкүр-Тоого байланыштуу чек ара маселеси чечилбей, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча талкууларды мына ушул шаан-шөкөткө жашыра коюшканы байкалууда. Ал эми бүгүн парламенттин комитеттик жыйынында депутат Аскарбек Шадиев 2016-жылдын бюджети аткарылбай калышы мүмкүн экенин айтып өкмөттү сындады. “Эгерде республикалык бюджет аткарылбай калса, анда биз өкмөт жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз", - деди депутат. Анын айтымында, өкмөт туура эмес жолдо баратат. “Көп мектептер салынып бүтө элек. Оорукана, жолдор боюнча да ошондой эле көрүнүш. Анткени өкмөт божомолду туура эмес коюп алып, биз ошол менен кетип жатабыз”, - деди Шадиев. Мындан улам быйыл да бюджет таңсыктыгы келип чыгышы толук ыктымал. Көчмөндөр оюндарынан соң, кредитке той өткөргөн жаштардын кейпин кийбейбизби деген суроо туулат...
кошулду


