Бириккен Улуттар Уюму: Дүйнө жүзүндө 758 миллион адам орто билимге да ээ эмес

Дүйнө жүзүндө 758 миллион адам орто билим да алган эмес. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму маалымат каражаттарына билдирген.
Маалыматка ылайык, 758 миллион адамдын көпчүлүгү аялдар. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 263 миллион бала мектепке барбаса, алардын үчтөн бир бөлүгү жаңжалдуу, согуш жүрүп жаткан аймактарда жашашат.
"Соңку убактарда мектепке болгон кол салуулар көбөйүп, балдардын мектепке барбай калуу көйгөйү 5 эсеге өскөн. Мындай абал сакталса, дүйнө боюнча бардык тургундар башталгыч билим менен 2042-жылы гана камсыз болушат. Ал эми жакыр өлкөлөр бай өлкөлөргө караганда 100 жыл өткөн соң гана бул мүмкүнчүлүккө жетишет", - деп айтылат билдирүүдө.
"Эң оор жүк кыздар менен аялдарга түшкөн. Африка өлкөлөрүндө жагымсыз абалдагы кыздар бул кетиште 2086-жылы гана толук кандуу орто билимге ээ боло алышат", - деген аталган уюмдун кызматкери Ирина Бокова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Arslan12

06.09.2016. 11:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге Ункур-Тоого озбек милициясынын кирууго укугу жок деген протокол болсо, 4кыргыз жаранын уурдап алып кетип, ошол убактан бери озбек тарап кайтарат тоону, кыргыз армиясы кайда?!
keba300989

06.09.2016. 12:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arslan12, Кыргыз армиясы Атамбаевтин жанында буйрукту күтүп олтурушат Атамбаевтин болсо буйрук бергени духу жетпейт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.