super.kg logo

Экспорттун реалдуу көрсөткүчүн эсептөөчү ведомстволор аралык топ түзүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы товарларды жана айлануусун эсептөөчү мамлекеттик органдар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан бүгүн, 6-сентябрда билдиришти.

"2016-жылдын январь-июнь айларында дыйкандар алып чыккан жер-жемиштердин саны былтыркы жылдын ушул эле аралыктагы көрсөткүчүнөн 138,3 пайызга өскөн. Бакча өсүмдүктөрү жана жашылчалар менен да ушундай абал. Муну менен бирге Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөбүздөн болгону 300 тонна жер-жемиш азыктары экспорттолгон. Бул сандар экспорттун реалдуу көлөмүн көрсөтпөйт. Бул так көрсөткүчтү аныктай турган эсептөө багыты жок болгондугу менен байланыштуу", - дейт Панкратов.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаевдин айтымында, Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге кирген соң кыргыз-казак чек арасындагы бажы пункттары ачылгандыктан, көрсөткүч так болбой жатат.

"Учурда эсептөө ишкерлердин берген отчёту боюнча жүрүп жатат. Бирок бизнес субъекттери, мисалга, патент менен иштегендер отчёт берүүгө милдеттүү эмес. Андыктан чек арадан өтүп жаткан товар агымдарынын бир бөлүгү гана статистикалык маалыматтарда көрсөтүлүп жатат", - деди Оросбаев.

Экономика министри Арзыбек Кожошев экспорттун реалдуу көрсөткүчүн эсептөөчү ведомстволор аралык топ түзүлгөнүн билдирди. Жыйындын соңунда Олег Панкратов бул ишке бир жума убакыт берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: