Бишкекте айдоочу унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кетти
Борбор калаанын Свердлов районунда айдоочу унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда саат 20:30 чамасында Школьная көчөсүндө Чоң Чүй каналына Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, бирок айдоочу жабыркабагандыктан, куткаруу иштери жүргүзүлгөн эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kroxa

07.09.2016. 08:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочу секирип кеткен го кантип жабыркабаган,,,машинасы каналда жата берби??
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.