super.kg logo
  Саясат  

"Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары Үңкүр-Тоо маселесин жабык эшик артында талкуулоону чечишти

 

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бүгүн, 6-сентябрда Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселени талкуулап жатат. Алгач кыскача маалымат берилип, андан кийин депутаттардын демилгеси менен жыйын жабык эшик артында улантылды. Жыйын учурунда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да маалымат берип, ал бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери улантылып жатканын айтты. Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдин билдиришинче, Өзбекстандын милиция кызматкерлери уурдап кеткен Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранын бошотуу боюнча жактоочу топ түзүлүп, бирок Өзбекстан аларды киргизбей жатат. "Жактоочу топ түзүлгөн, бирок өзбек тарап аларды киргизбей жатат", - деди ал.

Ошондой эле Разаков кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу делинген аймактар боюнча өкмөт тарабынан алдын алуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: